Кыргыз дин ишмерлери — Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматов Москвада мекендештер менен жолугушуу өткөрүштү. Жаңы ачылган мечиттеги жыйынга 15 миңге жакын кыргызстандык барган.

Шариаттын негиздерин жана мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун баянын угууну каалагандардын арасында медресенин окуучулары менен катар Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар болушкан. Алар Москвадагы былтын күзүндө ачылган мечитке 14-февралда чогулушкан.

Мечиттин 10 миң кишиге гана ылайыкташтырылып курулганына карабастан чогулгандардын саны 15 миңден ашкан.

Нарматовдун катчысы Эрназар Таштанбаев жолугушууда тартылган өтө көп адамдар көрсөтүлгөн сүрөттөрдү жарыялады.

Чогулушууга келген кыргызстандыктардын бир бөлүгү мечиттин ичине кире алышпай, сыртта калышкан. Ал көрүнүшкө күбө болгон «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучулары анда тартылган өтө көп адамдын келгенин ырастаган сүрөттөр менен видеолорду жарыялашты.

316-450x253

Жыйындын катышуучуларынын билдирүүлөрү боюнча, жолугушуу 12:00дө башталып, кечки саат беште аяктаган.

Москва собордук мечити — Москванын башкы мечити — Орусиядагы жана Европадагы эң ири жана бийик мечиттердин бири. Мечиттин алгачкы имараты 1904-жылы курулган, 2011-жылы жаңы долбоору боюнча куруу үчүн ал бузулуп, жаңы имараттые ачылышы 2015-жылдын 23-сентябрында болгон.