Советтер Союзу мезгилинде Фрунзе аскердик авиациялык окуу жайында чет өлкөлүк курсанттар да билим алышкан. Алардын арасында келечекте президент жана генерал болгондору да бар. 

Кыргызстандын Башкы штабы Kloop.kgнин сурамына жооп кылып советтик Кыргызстанда түрдүү убактарда аскердик иш боюнча дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн, негизинен Африка, Азия жана Варшава келишимине мүчө өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк студенттер билим алгандыктарын билдиришти.

Алардын бардыгы тең СССРдин Коргоо министрлиги менен башка өлкөлөрдүн аскердик мекемелеринин ортосундагы келишимдердин негизинде Фрунзедеги Учкучтардын аскердик авиациялык окуу жайында окушкан.

Кыргыз Башкы штабынын маалыматы боюнча, чет өлкөлүк студенттерди окуу жайдын төмөнкү артыкчылыктары тартып турган: окутуучулук курамынын жогорку профессионалдуу деңгээли, заманбап авиациялык техникасы менен окуу-материалдык базасы жана шаардын жаратылыш шарттары.

«Окуудан бош убактыларында курсанттар спорттук-массалык иштер, өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенишип, шаардын ажайып жайлары менен таанышышчу», — деп жазган Башкы штаб өз жообунда.

Ар кайсыл убактарда окуу жайда окугандар:

Египеттин президенти Хосни Мубарак

mubarak-1

Хосни Мубарак Кыргызстанда 1959-1960-жылдары болгон. Учкучтар окуу жайында окуп жүргөн кезинде ал бомбалоочу Ил-28 жана Ту-16 учактарын өздөштүргөн.

Кыргызстандагы окуусун аяктагандан 10 жыл өткөндөн кийин ал Египеттин Аскердик аба күчтөрүн жетектеп, кийинчерээк өлкөнүн вице-президенти кызматына дайындалган. Мубарак өлкө башчылыгына 1981-жылы, ал кездеги президент Анвар Садат каза болгондон кийин барган.

Мубарак президенттик тактыда дээрлик 30 жыл отурду. Ал өлкө башчылыгынан 2011-жылы, Египетте бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоолордун жыйынтыгында кеткен. Учурда Хосни Мубарак 4 жыл абакта камакта болгондон кийин эркиндикте.

Сириянын президенти Хафез Асад

d200caad2ba7b62d374fddb3

Хафез Асад Кыргызстанга 1957-жылы эскадрилья командири катары келген. Ал учууга МиГ-17де үйрөнгөн. Бир жыл окугандан кийин Египетке которулуп, андан аркы окуусун Хосни Мубарак менен уланткан.

Кыргызстандан окуп кеткенден 6 жыл өткөндөн кийин Сириянын Аскердик аба күчтөрүнүн командири болуп дайындалган. 1966-жылы өлкөнүн Коргоо министрлигинин башчысы болгон. 1970-жылы генерал Жадидди кызматтан кетирип, 30 жыл бою өлкөнү жеке өзү башкарган. 2000-жылы ал каза болгондон кийин анын уулу Башар Асад Сириянын президенти болуп калган.

ТАРдын Аскердик аба күчтөрүнүн командири Фабиан Мсиманг

fabian-msimang-1

Фабиан Мсиманг Түштүк Африка республикасында өлкөнү алгачкы кара денелүү башкы командачысы катары белгилүү болуп калган. Ал учакта учууга Кыргызстанда 1986-1991-жылдары окуган. Окуу маалында Ми-8 жана Ми-25 тик учактарында даярдыктан өткөн.

Монголиянын алгачкы космонавты Жугдэрдэмидийн Гуррагча

gurragcha-1

Жугдэрдэмидийн Гуррагча Кыргызстанда 1971-1972-жылдары окуган. Ал — ачык космоско учкан алгачкы монгол учкучу.

2000-жылы Гуррагча Монголиянын коргоо министри болуп дайындалып, кийин өлкөнүн парламенти, Улуу мамлекеттик хураланын депутаты болуп шайланган. 2012-жылы монгол делегациясынын курамында Кыргызстанга келип, авиациялык окуу жайдын окутуучулары менен жолугуп кеткен.

Учурда Гуррагча Топ менен хоккей ойноо улуттук федерациясынын президенти кызматында. 1996-жылы уруулук фамилияларды калыбына келтирүү боюнча программанын алкагында өзүнө «космос» деген маанини берген Сансар деген фамилияны алган.

Индиянын авиациясынын маршалы Дилбах Сингх

dilbah-singh-1

Дилбах Сингх Фрунзедеги аскердик авиациялык окуу жайына окуу үчүн 1962-жылдын аягында келген 7 учкучтун бири. Ал Казакстандагы Луговое аэродромунда кыйраткыч МиГ-21 учагында даярдыктан өткөн.

Сингх Индиянын Аскердик аба күчтөрүн 1981-1984-жылдары башкарып, кийин Индиянын Бразилиядагы элчиси болуп иштеген. Сингх — өз эсебинде 5000 сааттан ашык учуу убактысы бар Индиянын тарыхындагы экинчи маршал, өкмөттүк сыйлыктар менен үч жолу сыйланган.