Бишкектеги уруксатсыз өткөргөн рейддери менен белгилүү «Кырк Чоро» кыймылынын мүчөлөрү электр энергиясы үчүн карыз болгон Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жарыктарын өчүрө тургандыктарын убадалашты.

«Кырк Чоронун» лидери Замирбек Көчөрбаев «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы аркылуу кыймылдын мүчөлөрү колдонгон электр энергиясы үчүн өз убагында акча төлөбөгөн пансионаттардын электр жарыгын өчүрө тургандыктарын билдирди.

«Карызы 100 сом болгон карапайым үй-бүлөлөрдүн электр зымдарын кесип, кайра 350 сомго туташтырып берип жатышат. Бирок эмнеге мындай чаралар пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнө карата көрүлбөй эле? Жетишет!» — деп жазды Көчөрбаев.

Ал пансионаттарга карыздарынан кутулууга 30 күн убакыт берди.

Көчөрбаев K-News маалымат агенттигине курган маегинде «Чыгыш электр» менен биргеликте мыйзамга каршы келбеген чараларды көрө тургандыктарын билдирген.

Бирок «Чыгыш электр» ишканасынан Kloop.kgге бул тууралуу биринчи жолу угуп жаткандыктарын жана «Кырк чородон» эч кандай сурам келип түшпөгөндүгүн айтышты.

«Мындай маалыматты биз силерден угуп жатабыз. Биз алардан эч кандай сурам алган эмеспиз жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмеспиз», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.

«Чыгыш электр» ишканасынан абоненттердин электр энергиясын өчүрүү укугуна компаниянын өзү гана ээ экенин айтышты.

Компаниянын маалыматы боюнча, карызы барлардын тизмесинде 20 ири керектөөчү бар. Алардын карызынын жалпы суммасы 39 млн. сомдон ашык каражатты түзгөн. Электр энергиясы үчүн өз учурунда төлөнбөгөндөрдүн арасында «Витязь», «Рахат» жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» сыяктуу ири пансионаттар да бар.

«Кырк Чоро» кыймылы Бишкектеги оюн-зоок жайларында өткөргөн рейддеринен кийин белгилүү болуп калган. Кыймылдын мүчөлөрү айрым жайлардын ээлерин «сойкукана» иштетүүгө айыпташып, текшерүүлөрдү уюштурушкан.