Милиция кызматкерлери айдоочуну кырсык болгон жерге автоунаасынын калып калган мамномурун алуу үчүн барган кезде кармашты. 5-март күнү эртең менен ал жерде майып кызды унаа сүзүп кетип, алган жарааттарынан улам ал дароо каза болгон.

Иликтөө бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында, кырсык болжол менен таңкы саат 6:30дарда болгон. Кулиев көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан айдоочу 22-23 жаштардагы майып кызды сүзүп кеткен. Коляскада жолду кесип өтүп бара жаткан кыз алган жарааттарынан дароо эле каза болгон, деп билдирген Sputnik.kg агенттигине иликтөө бөлүмүнүн начальниги Ажыбек Майназаров.

Милициянын маалыматы боюнча, айдоочу мас абалында болгон жана ал жерден дароо качып кеткен, бирок унаасынын номуру жок экенин байкап, кырсык болгон жерге кайра барган. Ал кезде ал жакка милиция кызматкерлери барууга жетишишкен.

Айдоочунун өзү кызды байкабагандыгын жана итти же мышыкты сүзүп кеткем деп ойлогонун айтты.

«Мен алыстан… караңгы болчу, мен таптакыр байкаган эмесмин. Мен аны мышык же ит деп ойлогон. А ал жакта кыз экен», — деди айдоочу.

ШИИБнин тергөө башкармалыгы каза болгон кыздын тек-жайын тактап жатат. Айдоочу кармалып, ага каршы 281-берененин 4-бөлүмү — адам өлүмүнө алып келген мас абалында жол эрежесин бузуу — боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча ал он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.