6-март күнү кечинде милиция кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда куралдуу адамдарды колго түшүрүштү. Алар уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар жана адам өлтүргөн деп шектелип жатышат.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармал үч адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана адам өлтүрүүгө шектелип жатышат, бирок мекеме уюшкан кылмыштуу топ жана алар тараптан өлтүрүлгөн адамдын аты-жөнү тууралуу кеңири маалымат бербей эле.

Колго түшүрүү операциясы 6-мартта Чыгыш-5 кичи районунда болгон. Ыкчам иш-чараларды өткөрүү үчүн милиция үйдүн эки подъездинин жашоочуларын эвакуациялаган.

Басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүлөр куралчан болушкан — батирден эки газ жана бир травматикалык, ошондой эле Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Колго түшүрүү маалында эч ким жабыркаган эмес.

2015-жылдын октябрында милиция менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «Достук» кичи районунда №50 тергөө абагынан качып кеткен Алтынбек Итибаевди колго түшүрүү операциясын өткөрүшкөн. Ал ошол жылдын 12-октябрында абактан качкан тогуз адамдын акыркысы болгон.

Ал операциянын жүрүшүндө Итибаев менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда атышуу болуп, качкын граната колдонгон. Атайын операциянын жыйынтыгында ИИМ кызматкери жана учурунда эвакуацияланбаган эки жергиликтүү жашоочу каза болуп, Итибаев өлтүрүлгөн.

Сүрөт: Zanoza