Оор атлетчи Эсен Калиев менен Жыргалбек Орозбаев Дубайда өткөн майыптар арасындагы Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушуп, учурда Бразилияда болчу Параолимпиадалык оюндарга даярданып жатышат. Kloop.kgнин кабарчылары алардын машыгууларына күбө болуп келишти.

Спортчулар даярданып жаткан машыгуу залы Бишкектин 4-кичи районунда жайгашкан. Ал жакка майып спортчулар аптасына үч жолудан барышып, машыктыруучусунун башчылыгы алдында Рио-де-Жанейродо өтө турган жайкы Параолимпиадалык оюндардагы оор атлетика боюнча мелдештерге даярданышат.

33 жаштагы Эсен Калиев — пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси жана Кыргызстандын 15 жолку чемпиону — басуу мүмкүнчүлүгүнөн 18 жашында айрылып, бирок спорт менен машыгуусун улантууну чечкен.

«2000-жылы профессионалдык деңгээлде машыгып баштагам. Мага машыктыруучу көчөдөн эле «Балким машыгып көрөсүң?» деп сунуштаган. Анан мен ошол кезден тарта машыгып баштап, республиканын чемпиону болгом. Кыргызстан боюнча сегиз рекордду жаңыртып, Европанын байгелүү орунун ээси болгом. Мына эми жакында Дубайда өткөн дүйнөлүк чемпионатты утуп алдым», — дейт Калиев.

Ал машыккан анча чоң эмес залда бир нече штанга жана эки даана машыгуу шайманы турат.

Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунун коло байгесинин ээси Жыргалбек Орозбаев спорттун бул түрү менен 15 жашынан тарта профессионалдык деңгээлде машыгып келет.

«Бир жолу ушул райондо [Бишкектин 4-кичи району] сейилдеп жүргөм, анан мени машыктыруучу [Аднан Жабраилов] көрүп калыптыр. Ал мени чакырып штанга көтөрүп көрүүмдү сунуштады. Мен барып 40 килограммды эки жолу көтөрдүм. Ошондо ал менин жөндөмдүүлүгүмдү көрсө керек. Ал мага спорттун ушул түрү менен машыгышым керектигин айткан», — деп эскерди спортчу.

Азырынча алар толук күчүн жумшап машыгышпай эле, болжол менен 70 пайыздык мүмкүнчүлүктөрүн гана пайдаланып жатышат, анткени алардын мелдештерден кайтып келгенине көп боло элек. Аларды чыныгы, толук кандуу машыгуулар 2016-жылдын майында, чет өлкөдөгү даярдыктарда күтүп турат.

Аднан Жабраилов 40 жылдан бери олимпиадалык резервдеги адистештирилген өспүрүм балдардын мектебин жетектеп келет, андан бери ал көбүнчө тыяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулган майыптарды машыктыруу менен алектенип келет. Учурда машыктыруучу өз тарбиялануучулары менен биргеликте Бразилияда өтө турган Параолимпиадалык оюндарга даярданууда.

«Рио-де-Жанейродогу Параолимпиадалык оюндарга татыктуу жана жакшы катышып келүү үчүн азыр бул экөө [Калиев менен Орозбаев] бардык күчтөрүн жумшоосу керек», — деди машыктыруучу.

Жайкы Параолимпиадалык оюндар 1960-жылдан бери Олимпиада оюндарынан кийин дароо өткөрүлүп келет. Анда майыптар спорттун 20дан ашык түрүндө жарышка түшүшөт, алардын арасында спорттун жеңил жана оор атлетика, ошондой эле коляскада теннис ойноо менен сууда сүзүү түрлөрү да бар. Алдыдагы мелдештер ушул жылдын 7-сентябрынан 18-сентябрына чейин Рио-де-Жанейродо өтөт.

Видеодо Параолимпиадалык оюндардын Youtube сервисиндеги расмий каналынын материалдары пайдаланылды.

Видео: Александра Ли