Жогорку Кеңештин сайтын 300 миң сомго жаңылоо боюнча тендер мыйзам бузуу менен жарыяланган болушу мүмкүн — ал мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында жыйынтыгы жарыялана турган күнгө бир жумушчу күн калганда пайда болду.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтын иштеп чыгуу жана модернизациялоо» жарыясы ишемби күнү, 5-мартта саат 09:54тө — тендердин жыйынтыгы жарыяланышы керек болгон 8-мартка бир жумушчу күн калганда пайда болду. Жарыя Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы тарабынан чыгарылган.  

skrin-zakupki

Быйыл Эл аралык аялдар күнүнө карата Кыргызстанда 7-март ишемби күнгө туш келген 5-марттын ордуна эс алуу күнү деп расмий жарыяланган.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын 21-беренесине ылайык (Келишимди ачык түзүү жолу менен сатып алуулар), сатып алуучу уюм тендер тууралуу жарыяны анын жыйынтыгы жарыяланганга эки жумушчу күн калгандан кеч эмес жайгаштыруусу керек.

Артыкчылык аргасыз кырдаалдарды жоюу үчүн сатып алууларга же жогорку деңгээлдеги чет өлкөлүк делегация келген учурларда Президенттин, премьер-министрдин же Жогорку Кеңештин төрагасынын аппараты үчүн сатып алууларга гана берилиши мүмкүн.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Фатима Якупбаева тендер тууралуу билдирүү мыйзам бузуу менен жарыяланган деп эсептейт.

«Эгер жарыя 5-мартта жарыяланса, а 8-мартка чейин расмий иш күндөрү жок болсо, анда тендер тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуулар тууралуу жобонун шарттарын бузат», — деп эсептейт юрист.

Ал тез аранын ичинде модернизациялоо үчүн аргасыз кырдаал катары сайттын чабуулдарга кабылуусу айтылышы мүмкүндүгүн, бирок парламенттин веб-баракчасы мурдагыдай эле режимде иштеп жатканын айтты.

Каржы маселелери жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Искендер Шаршеев тендердин уюштуруучулары мындай аракеттери менен сынакка катыша ала турган компаниялардын санын чектеп жатышат деп эсептейт.

«Эгер тендер бир күн калганда жана бир гана булакта жарыяланган болсо, анда ал жакта мыйзам бузуу бар. Тендерге бир канча компания катышуусу керек», — деди ал.

Парламенттин материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бакбур Исаев эмне үчүн билдирмелерди кабыл алууга үчөөсү эс алуу күнү болуп эсептелген төрт гана күн берилгени боюнча узатылган суроого Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын «Келишимди ачык түзүү жолу менен сатып алуулар» жөнүндөгү 21-беренесине шилтеме жасады.

«Мен мыйзамдын чегинде гана бере алам. Ачык келишим түзүү ыкмасы. Анын кандай берилип, кандай кылына тургандыгын мыйзамды ачып окуп көргүлө», — деди ал.

Исаев бүгүн эс алуу күнү экендигин билдирүү менен андан ары түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, ага майрамдардан кийин, 9-мартта, тактап айтканда, тендердин жыйынтыктары жарыялангандын эртеси телефон чалуубузду өтүндү.

Сайтты модернизациялоо боюнча иштердин кандай аткарылышы керектиги тууралуу жазылган техникалык тапшырма толугу менен жарыяланган эмес — мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталындагы документте үч беттен турган «Мазмуну» деген гана бөлүгү бар.

Kloop.kgнин кабарчылары техникалык тапшырманын 23 беттен турган толук вариантына ээ болушту. Ал документте жаңыланган сайттын картасы менен түзүмү баяндалган.

Парламенттин сайтын жаңылоонун баасы 300 миң сомго бааланууда. Каржылоо булагы — республикалык бюджет.

1-8

Weltkind аталышындагы веб-студиянын ээси Анатолий Лелевкин техникалык тапшырма туура эмес түзүлгөн деп эсептейт — анда сайт жаңылана турган программалоо тили көрсөтүлгөн эмес.

«Тендер ruby, python, asp.net, php сыяктуу программалоо тилдери менен аткарылышы мүмкүн. Алгачкы үчөөсү менен болсо баасы жакшы эле болот, анткени алар кымбат программалоо тилдери. Эгер сайт Joomla, WordPress, DLE сыяктуу популярдуу болгон бекер CMS [контентти башкаруу системасы] системалар менен аткарыла турган болсо, анда бюджети эки эсеге жогорулатылып көрсөтүлгөн», — деп түшүндүрдү ал.

Программист Адилет Абылов техникалык тапшырмалардагы маалыматтар жетиштүү деп эсептейт. Бирок ал тендерге катышуу үчүн билдирмени бир жумушчу күндүн ичинде даярдоо оңой болбой тургандыгын айтты.

«Оор, бирок жетишсе болот. Эптеп-септеп бааланат, а ал аткаруучу үчүн чоң тобокелчилик. Негизи эле бизде тендерлердин бардыгы тең ушул жагынан аксашат. Даярдануу жана аткарууга берилген туура эмес мөөнөттөр, туура эмес бюджет, туура эмес тапшырмалар. Биринчи караганда маалымат жетиштүү, бирок техникалык тапшырмаларында дал келбестиктер бар, бирок жергиликтүү рынок үчүн бул нормалдуу эле. Бизде техникалык тапшырмаларды эч ким жакшы жазганды билбейт», — деди ал.

Абылов эгер аткаруучу өз кызматтарынын сапаты үчүн жооп берсе, анда сайтты модернизациялоо үчүн 300 миң сом жакшы эле баа деп эсептейт.

«Дизайнын өзгөртүү керек, бул сөзсүз түрдө. Андан сырткары мобилдик түзмөктөр үчүн адаптациялык верстка кылуу зарыл. Сайттын контентин, админкадагы колдонуучуларды башкаруу үчүн административдик панель ишке ашырылуусу керек. Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча минималдуу кошумча иштер. Контентти эски сайттан жаңысына көчүрүү боюнча чоң жумуш. Негизинен эч кандай техникалык кыйынчылыктар деле жок, бирок майда түйшүктөр көп. Андыктан 300 миң сомдук баа туура эле, ал эмес бир аз төмөндөтүлгөн да болушу мүмкүн», — деди адис.

Жогорку Кеңештин сайты акыркы жолу Европа биримдигинин каржылоосу менен 2011-жылы жаңыланган.

Бул парламенттин иш башкармалыгы тарабынан жарыяланып, коомчулукта көптөгөн суроолорду жараткан алгачкы тендер эмес. 2015-жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш парламенттин жыйындар залы үчүн 2,6 млн. сомго 120 кресло сатып алууга тендер жарыялаган. Мыйзам чыгаруу органынын дарегине айтылган көптөгөн сын-пикирлерден кийин тендер токтотулган.