Кыргызстандык Марат Исаев Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан мамлекеттик «Адамды өлүмдөн куткарып калганы үчүн» сыйлыгына көрсөтүлдү. Исаев февралда Москва метросунун рельсине кулап кеткен аялды куткарууда полиция кызматкерине жардамдашкан.

Исаевди сыйлоо тууралуу жарлыкка президент Путин тарабынан 9-мартта кол коюлду.

Документте медаль «экстремалдуу шарттарда адамдарды куткаруудагы кайраттуу жана чечкиндүү аракеттери үчүн» ыйгарылып жатканы жазылган.

Исаев менен бирге сыйлыкка «Красносельская» метро станциясынын рельсине кулап кеткен аялды алгачкылардан болуп куткарууга аракет кылган полиция кызматкери Артем Королюк да көрсөтүлгөн.

Метродогу куткаруу

Окуя Москвадагы «Красносельская» метро станциясында 11-февралда болгон. Платформада турган аялдын талма оорусу кармап, ал рельстерге кулап кеткен. Ага жардам берүүгө станцияда нөөмөттө турган полиция кызматкери Артем Королюк менен Москвадагы компаниялардын биринде курьер болуп иштеген кыргызстандык Марат Исаев барган.

Исаевдин айтымында, полиция кызматкери экөө аялды платформага көтөрүп чыга алышпай, поезд жакындап калгандыктан аны рельстердин ортосуна жаткырышып, өздөрү да ошол жакка жатышкан. Поезд токтогондон кийин метро кызматкерлери алардын платформага чыгуусуна жардам беришкен. Анда эч ким жабыркаган эмес.

Алгач окуянын орусиялык телеканалдар тарабынан чагылдырылышы кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан, анткени алардын сюжеттеринде куткаруучу катары полиция кызматкеринин гана аты-жөнү айтылган. Жыйынтыгында «Биринчи канал» өз сюжетин өзгөртүп, ага Исаевди да кошкон.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Исаевди 15-февралда белек сааты жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйлаган, а Москванын мэри Сергей Собянин баатырдык аракети үчүн кыргызстандыкка ыраазычылыгын билдирген. Исаев курьер болуп иштеген «Дизайн Депо» компаниясы дагы кайраттуу аракети үчүн кызматкерин сыйлаган.