Түркия бийлиги жүргүнчүлөрдү ташуучу учактардын учууларына коркунуч жаратып жаткан дрондорду кармоого кыргыз бүркүттөрүн пайдаланууну сунуштады. Жеке дрондорду кармоо боюнча мындай ыкма тууралуу буга чейин Нидерланды полициясы билдирген.
Түркия бийлиги аба майдандарга жакын эркин учуп жүргөн дрондор көйгөйүнө тынчсызданууда. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик аба майдандар башкармалыгынын башчысы Сердар Хусейин Йылдарма билдирди.
Анын айтымында, мыйзам дрон ээлерин өз жабдууларын каттоодон өткөрүүгө милдеттендирет, бирок ал чаралар көйгөйдү толук чечүүгө жетишсиз болууда. Вариант катары башкармалык жетекчиси дрондорду кармоого кыргыз бүркүттөрүн пайдаланууну сунуштады.
«Жүргүнчү ташыган унаалар үчүн коркунуч жараткан дрондор көйгөйүн жоюунун натыйжалуураак ыкмасы бүркүттөрдү пайдалануу болушу мүмкүн», — деп эсептейт Йылдарма. «Биз Кыргызстандан бүркүттөрдү алып келип, бул жакта пайдалана алабызбы деген маселенин айланасында ойлондук. Азыр бизде ушундай идея бар, бирок бул багытта эч нерсе кыла элекпиз, азырынча варианттарын гана караштырып жатабыз».
Йылдарма дрондорду кармоодо бүркүттөр Нидерландыда, тагыраагы өлкөнүн ири аба майданы эсептелген Схипхолдо пайдаланылып жатканын белгиледи.
Бүркүттөр менен дрондор
Бир жарым ай мурда голландия полициясы жеке дрондорду кармоодо бүркүттөрдү пайдаланууну сунуштаган ролик жайгаштырган.
Бүркүттөрдү дрондорду кармоодо пайдалануу ыкмасы Нидерланды полициясы менен голландиянын Guards from Above күзөт фирмасы тарабынан иштелип чыккан.
Мындай идея дароо эле британия бийлигинин кызыгуусун жараткан. Лондон полициясы дагы бүркүттөрдү жеке дрондорду кармоого пайдалануу каалоосу тууралуу билдирген.
Кошмо Штаттардагы канаттуулардын популяциясына көз салган Christmas Birds Count америкалык уюмунун башчысы Жефф ЛеБарон бүркүттөр дрондорду өзгөчө ыкма менен кармашат деп эсептейт. Кармоо маалында канаттуулар жаракат алышпайт. Анын пикиринде, бүркүттөр дрондун айлануу кыймылын адамдардай көрбөйт, эгер адам үчүн айлануу кыйла даана эмес болуп көрүнсө, бүркүттөр баарын «жайлантылган» түрдө көрүшөт.
Бүркүттөрдү пайдалануу атайын кармоо-дрондорун же радиозамбиректерин иштеп чыгууга караганда кыйла натыйжалуу жана арзан ыкма болушу мүмкүн.
Бул идеянын сынга ала турган жерлери да бар. Quartz басылмасынын кабарчысы бүркүттөр тез ылдамдыкта учуп бара жаткан дрондорду кармай алышабы деген суроону койгон.
National Geographic журналынын колумнисти ЛеБарондун ишендирүүлөрүнө карабастан, мындай ыкма бүркүттөрдүн ден соолугу үчүн чоң коркунуч жаратат деп эсептейт. Анын айтымында, эгер дрон активдүү маневрларды жасап баштаса, анда бүркүттөрдүн өлүмүнө алып барышы мүмкүн болгон жарааттарды алуу тобокелдиги жогорулайт.
Дрондор көйгөйү
Дрондордун салыштырмалуу жеткиликтүүлүгү жана арзандыгы аларды Батышта популярдуу кылып, акыркы жылдары жеке аппараттардын катышуусундагы кырсыктардын саны өсүүдө. Дрондор Слалом боюнча дүйнөлүк чемпионатка жана Вашингтондогу Ак үйдүн көк чөптүү аянтына түшкөн. Аны ошондой эле террорчулукта жана баңгизаттарын ташууда пайдаланышат.
Айрым өлкөлөрдүн бийлиги дрондордун аба майдан тилкелеринде жараткан коркунучтарына өзгөчө тынчсызданууда. Маселен, Улуу Британияда бир айдын ичинде дрондордун катышуусундагы төрт потенциалдуу автокырсык катталган.
Мындан улам Улуу Британия, Түркия жана Нидерландынын бийликтери гана эмес, ошондой эле Кошмо Штаттар менен Франциянын бийликтери да анти-дрон технологияларын активдүү иштеп чыгып жатышат.