Аксы районунун жашоочулары электр энергиясына болгон тарифтерди төмөндөтүү жана таза суу менен камсыз кылуу талаптары менен митингке чыгышты. Митингдин катышуучуларынын биринин айтымында, аларга нааразычылык акциясын өткөрүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

500дөн ашык киши, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин депутаттары электр энергиясына болгон тарифтерди төмөндөтүү, чек араларды делимитация жана демаркация кылуу, ошондой эле райондун жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу талаптары менен Кербендин борбордук аянтына чыгышты.

Коомдук активист Тимур Саралаевдин айтымында, жергиликтүү бийликтегилер митинг өткөрүүгө тоскоолдук кылууга аракеттенип, «сөз сүйлөп жаткандарды шаар сыртына чыгарууну» каалашкан.

«Бул экинчи митинг. Биринчи жолкусунда биз талаптарыбызды айтканбыз, а бүгүн [Аксы районунун] акимдин отчетун угалы дегенбиз. Тилекке каршы, коюлган талаптар ошол бойдон калган», — деди ал.

Саралаевдин айтымында, митингке нааразычылык акциясын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган адамдар да барышкан.

«Чагымчыл аракеттер көп болду. Аким өзүн жакшы алып жүрбөй, ал эмес агрессивдүү болду. Акимдин айланасында бизди түрткүлөп, физикалык күч колдонууга аракет кылган балдар жүрүштү. Аким «Аксынын эли митингдерге каршы» деген жазууларды кармаган мектеп окуучуларын тургузуп койгон», — деди активист.

Саралаев бул сыяктуу тоскоолдуктарга карабастан митинг ийгиликтүү аяктагандыгын кошумчалады.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев Kloop.kgге курган маегинде ал өзүн «жакшы алып жүрбөгөндүгү» тууралуу Саралаевдин айткандарын четке какты. Ал ошондой эле акцияны митинг эмес, а «жолугушуу» деп атады.

«Адамдар менден митингдерди токтотууну талап кылып жатышат. Мен алардын берген суроолоруна жооп беришим керек болчу жана мен аларга толугу менен жооп берип, адамдарды иштеп, экономиканы өнүктүрүүгө чакырдым», — деди Айдаралиев.

Анын айтымында, ага акцияга катышкандардын болгону 70и гана активдүүлүк менен суроолорду беришкен, а калгандары митингди токтотуп, үйлөргө тароону талап кылышкан.

«Социалдык камсыздандыруу, автоунааларды камсыздандыруу тууралуу суроолор болду. Мен алардын бардык суроолоруна жооп берип, азыркы учурда ал долбоорлор талкуу баскычында экенин түшүндүрдүм. Анан көпчүлүгү, өзгөчө Аксы районунун жаштары митингдерди токтотууну талап кылышып, соңунда резолюция кабыл алдык», — деди аким.

10-февралда Аксы районунун жашоочулары Кара-Жыгач айылына тынчтык митингине чогулушкан. Акция катышуучулары Социалдык фондко чегерүүлөрдүн мурдагы коюмдарын калыбына келтирип, балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүүнү талап кылышкан. Анда аким Айдаралиев алардын талаптарын  өкмөткө жеткирүүнү убадалаган.

Сүрөт: Тимур Саралаев