Жол активисттери марттын башында жол эрежесин бузган жөө адамдарга сүрөт-аңчылыгын башташты. Алар эреже бузгандарды сүрөткө тартып, интернетке чыгарууну сунушташууда. Коңшу Казакстанда полиция жөө адамдарга миңдеген айыптарды салып жаткан чакта, Кыргызстанда алар көчөнү туура эмес бөлүктөрүндө кесип өтүүгө аракет кылып жолго чуркап чыгууларын улантышууда.
Коммерциялык эмес «Жол үч бурчтугу» уюму «Фейсбукта» «Кар кишиге аңчылык» аталышындагы флешмоб баштады. Анын каалаган катышуучусу жол эрежесин бузуп жаткан жөө адамдын сүрөтүн жарыялай алат.
Азыр уюмдун баракчасына эреже бузуулардын бардык түрлөрүнүн: коомдук траспорт күтүп жолдо турган, жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан же кыймылдуу көчөлөрдүн кесилишинде өтүп баратып эки тарабын карагандын ордуна телефон менен сүйлөшүп жаткан жөө адамдардын сүрөттөрү чыгарылууда.
Флешмоб ошондой эле «Инстаграмда», #снежныйчеловек хэштег менен өткөрүлүүдө:
«Жол үч бурчтугунун» өкүлдөрүнүн айтымдарында, демилге жол кыймылынын катышуучуларын толеранттуулукка жана бири-бирин сыйлоого чакыруу үчүн ойлонуп табылган. Флешмоб апрелдин аягына чейин уланат.
Уюмдун активисттеринин бири Гузяль Хожда Кыргызстанда жөө адамдардын жол эрежесин бузуусуна эч ким көңүл бурбайт деп эсептейт.
«Мыйзам боюнча, эреже бузгандарга айып салынышы керек, бирок эч ким андай кылбайт, андай учурларды көрмөксөн болуп коюшат. Эскертүү берүүлөрү мүмкүн, бирок эреже бузууларды эч ким белгилеп жазып албайт да», — деди Хожда Kloop.kgге курган маегинде.
Кыргызстандын административдик кодексинин 241-беренесине ылайык, жол эрежесин бузуу жана авариялык учур жаратуу айып пул салуу менен жазаланат. Бирок Кыргызстанда жөө адамдар жанында өзүн күбөлөндүрө турган документтерди алып жүрбөгөндүктөн, аларга айып пул салынбайт, деп билдиришүүдө жол кайгуул милициясынан.
«Эгер эреже бузган адамдын жанында өзүн күбөлөндүрө турган документтери жок болсо, аны милицияга алып барып, 500 сом өлчөмүндөгү административдик айып төлөтүү зарыл. Бирок бизде дайыма эле андай кылышат деп айта албайм», — деди жол кайгуул милициясынын атайынын батальонунун улук инспектору Жэээнбек Большевиков.
Ал милиция жол эрежесин бузгандар менен башка ыкмаларды колдонуп күрөшүп жатканын кошумчалады — инспекторлор мектептер менен жогорку окуу жайларда сабактарды өтүшөт.
«Биз дайыма мектептер жана жогорку окуу жайлар менен иштерди алып барабыз. Мисалы, ар бир мектепке бирден инспектор бекитилген, ал окуучуларды жол кыймылынын эрежелерине үйрөтөт», — деди Большевиков.
Гузяль Хожда ар бир жаран өз коопсуздугу тууралуу ойлонуп, жол кыймылынын эрежелерин сакташы керек деп эсептейт.
«Кеп жазаларда эмес, а адамдардын учурда өнүгүү баскычындагы маданиятында. Биз көрүп жаткандарыбыз, пикирлер, сурамжылоолордун жыйыныктары жана адамдар менен болгон сүйлөшүүлөрүбүзгө ылайык, өмүрүндө бир дагы жолу жол эрежелерин бузбаган бир дагы жөө адам жок. Жарандар кыйла сак жана жоопкерчиликтүүрөөк болушса дейм» , — деди Хожда.
Анын айтымында, унаа кырсыгына жөө адам себепкер болсо дагы ал үчүн күнөө дайыма айдоочуга жүктөлөт.
Жол милициясынын инспекторлору жөө адамды коюп кеткен учурлардын 50 пайызга жакыны жөө кишинин жол эрежесин бузгандыгынан улам болорун, бирок айдоочуларда күтүүсүз абалдарда унаа өз убагында токтогудай ылдамдыктын дайыма болуусу керектигин билдиришти.
Zakon.kz казак басылмасы билдиргендей, инспекторлор нөөмөт убакытысынын алгачкы бир саатында эле жолду туура эмес жерден кесип өткөн жөө адамдарга 40ка жакын протокол түзүшөт. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, 2015-жылы Алматы шаарында жөө адамдарга карата 14 миң 980 административдик протокол түзүлгөн.
Бишкектин жол милициясынан айып салынган жөө адамдардын статистикасын келтире алышкан жок.