Орусиядагы «Кыргызстан жаштарынын «Жаш Толкун» бирикмеси» аталышындагы уюм орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондун «чет элдик тыңчы» деп табуу өтүнүчүнүн алдына кол койду.
Орусиянын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасынын дарегине жолдонгон кайрылуу «Бүткүл Орусиялык жаштардын улуттар аралык биримдигинин» сайтына 13-мартта жарыяланган.
Анда Чеченстандын, Башкортостандын, Ингушетиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жаштарынын бир нече уюму оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондун «чет элдик тыңчы» деп табууну өтүнүшкөн.
Ага «Орусиядагы кыргызстандык жаштардын «Жаш Толкун» биримдигинин» атынан анын төрагасы Чынгыз Кубатбек уулу кол койгон.
Ошондой эле ал кайрылууда жаштардын уюмдары Навальныйдын улуттар жана диний аралык кастыкты козуткан-козутпагандыгын текшерүүнү өтүнүшкөн. Алардын пикирлеринде, Навальный «бузуку ишмердүүлүктөр» менен алектенет.
«Бүткүл Орусиялык жаштардын улуттар аралык биримдиги» Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун «чет элдик тыңчы» деп табылышы керектигинин себептеринин бири катары америкалык «Вашингтон Пост» гезитиндеги макаланы атаган. Анда Орусиянын Сириядагы аскердик операциясына карата кандай көз карашта экендиктери тууралуу Дагестан менен Татарстандын жашоочуларынын арасында өткөргөн фонддун соцсцрамжылоосундагы маалыматтар пайдаланылган.
Жаштар биримдиги Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун маалыматтарынын «Вашингтон Пост» тарабынан пайдаланылгандыгын негизинде «изилдөө АКШ тарабынан инспирацияланган жана каржыланган», а анын маалыматтары «батыш демөөрчүлөрүнүн Орусияга каршы кезектеги буйрутмасынын аткарылышына багытталган» деп эсептейт.
«Макаланын анализи, ошондой эле редакциянын изилдөөлөрдөгү маалыматтарды өзүнүкүндөй пайдалангандыгы коммерциялык эмес «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» уюму «Вашингтон Посттун» буйрутмасын аткаруучу болгон жана аткарган иши үчүн гезиттин редакциясынан белгилүү бир сый акы алган, тагыраагы, ал чет өлкөдөн каржыланган деген ойлордун жаралышына негиз болууда», — деп жазылган кайрылууда.
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Орусиядагы кыргызстандык жаштардын биримдигинин төрагасы Чынгыз Кубатбек уулу менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун алдындагы пикет
Орусиянын аткаминерлерине кайрылуу жолдонгондон эки күндөн кийин жаштар биримдиктеринин өкүлдөрү Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Алар Навальный — «шүмшүк», «экстремист» жана «исламофоб» деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.
Навальныйдын өзү пикетке шылдыңдоо реакциясын билдирип, анын катышуучуларына арнап өз сайтына билдирүү чыгарды. Анда ал жаштар биримдиктеринин өкүлдөрүнө плакаттарды катасыз жазууга үйрөнүү үчүн «мектепке баруу» кеңешин берди.
«Антпесе кандайдыр бир «майдаланбас карта» ойлоп табышып, аны менен мусулмандарды кордошту. Динге ишенгендердин сезимдерин кемсинтишти. Мектепте бул кылаарга иши жокторго «мусулмандар — майдаланбас тыйын эмес» деген сөз айкашынын маанисин түшүндүрүшөт эле», — деп жазды ал.
Навальныйдын айтымында, демонстранттар «эмнени каалашканын өзүлөрү түшүнүшкөн эмес».
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Орусиянын жогорку кызматтардагы чиновниктерине карата жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү. Фонддун кызматкерлери ишендиришкендей, алар мамлекеттик кызматкерлердин деклорацияланбаган мүлктөрүн — виллаларын, чоң үйлөрүн жана компанияларын көрсөтүшөт.
Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун эң чуулгандуу иликтөөсү баш прокурор Юрий Чайканын үй-бүлөсүнө арналган. Иликтөөнүн авторлорунун пикирлеринде, анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыштуу ишмердүүлүктөр менен алектенишкен — рейдерлик басып алууларга барышып, криминал төбөлдөрү менен байланышта болушкан.
Иликтөө жыйынтыктары чыккандан кийин Чайканын өзү андагы бардык нерселерди четке каккан. Кремль иликтөөгө кызыгуусун көрсөтпөстөн, анда кеп башкы прокурордун өзү эмес, а анын уулу тууралуу болуп жатканын билдирген.
Сүрөт: Дни.ру