Түркиянын борборунда 37 кишинин өмүрүн алып кеткен 13-марттагы жардырууга жоопкерчиликти «Күрдистан эркиндигинин кыргыйлары» радикал тобу өзүнө алды. Топ расмий билдирүүсүндө жардырууну атайын кызматтардын Түркиянын түштүк-чыгышындагы операциялары үчүн «өч алуу» деп атады.

Анкаранын борборундагы жардыруу Түркиянын атайын кызматтарынын жүздөгөн жайкын адамдардын өлүмүнө себеп болгон күрттөр жашаган аймактардагы антитеррордук операцияларына каршы багытталган, деп жазылган топтун билдирүүсүндө.

«Биз бул оюндарга тиешеси жок, бирок ыпылас согуштун курмандыгы болуп калган жарандарга көңүл айтабыз», — деп жазылган кайрылууда.

Топтун мүчөлөрү эгер түрк бийлиги күрттөргө карата өз саясатын өзгөртүп, аларды «кыруусун» токтотпосо чабуулдарын уланта тургандыктарын убадалышты.

Анкаранын транспорт түйүндөрүнүн биринде жардыруучу зат орнотулган унаанын жарылуусунан 37 киши каза болуп, дагы 125и түрдүү жаракаттарды алышкан. Ага жакын жайгашкан бир нече унаа менен автобус толугу менен күйүп кеткен.

Түрк бийлиги жардырууну уюштурууга Күрдистандын жумушчу партиясын айыптаган.

Күрт изилдөө борборунун директору Наваф Халиль РИА маалымат агенттигине курган маегинде «Күрдистан эркиндигинин кыргыйлары» тобунун Күрдистан жумушчу партиясына тиешеси жок экенин билдирген.

«Күрдистан эркиндигинин кыргыйлары» тобу өзүнүн террорчул актылары менен белгилүү. 2015-жылы ал Стамбулдун «Сабиха Гёкчен» аба майданында жардыруу уюштуруп, анын жыйынтыгында бир киши каза болгон. Топтун мүчөлөрү 2011-жылы Антальядагы коомдук деңиз жээгине жардыруучу зат көмүп коюшуп, анын жарылуусунан 15 киши жабыркаган.

Уюм ачык эле «Түркиянын бардык аймактарында бомбалар жарыла турганын», анткени «күрттөрдүн көйгөйүн демократиялык жана тынчтык жолдор менен чечүү боюнча узактан бери көрүлүп келе жаткан аракеттер эч кандай жыйынтык бербегендигин» билдирип келет.

«Бийлик бар көйгөйлөргө көз жумуусун улантып жатат, ошондуктан биз Эрдогандын өкмөтү тарабынан жасалган билдирүүлөрдү чын катары кабыл албайбыз. Биз эч кандай эрежелерди тааныбайбыз. Бүт бардыгы (адамдар) биз үчүн бута», — деп жазылган топтун расмий сайтында.