Кыргызстандык студент Динара Койлубаева менен орусиялык ырчы Варда Орусиянын «Барышня-крестьянка» реалити-шоусуна катышышып, бири-биринин жашоосу менен жашап көрүштү. Алар Kloop.kgге курган маектеринде тажрыйба аларга эмне бергендиги тууралуу айтып беришти.

Кыргызстандык студент кыз Динара Койлубаева менен орусиялык ырчы Варда «Барышня-крестьянка» шоусунда бири-биринин жашоолору менен алмашышты. Шоунун алар катышкан чыгарылышы эфирден 17-мартта көрсөтүлдү.

«Барышня-крестьянка» — «Пятница» каналындагы популярдуу орусиялык телешоу. Реалити-долбоорго эки түрдүү кыз катышат. Бирөөсү — айылда жашап, чарба иштери менен алек болгон эмгекчил кыз. Экинчиси — жетиштүү жашоодо жашап, ашкере байлыкка ээ кыз. Программанын шарты боюнча, алар бир нече күнгө ролдору менен алмашышат.

Динара Койлубаева — Кыргыз-Орус славян университетинин он тогуз жаштагы студенти. Кыргыз кызы ырчы жана pole-dance бийчиси Варданын жашоосу менен жашап көрүү үчүн Москвага барган. Ал анда стилист Сергей Зверев менен достошуп, орусиялык дүкөндөр менен ресторандардын аземдүүлүгүнө таң калды.

«Менин апам ал берүүнү көрүп жатып: «Бул долбоорго катышып көрбөйсүңбү?», деп калды. Мен албетте катышууга мүмкүн экенине ишенген эмесмин. Мен аны Орусиянын аймагында гана тартышат го деп ойлогом. Бирок чет өлкөдөн тартылган бир чыгарылышын көрүп, катышууну чечтим жана катышып калдым», — деди ал.

Койлубаеванын айтымында, шоуго катышуу менен ал өзүнө көптөгөн нерселерди ача алган.

«Албетте алгач жайлуу эмес болду, бирок көнүп кетүүгө болот. Мен чоочун жашоо менен жашап, умтула турган нерселерим бар экенин жана өзгөрүп, өзгөрүүлөрдөн коркпостон өз максатыңа аракет кылуу керектигин түшүндүм. Мен өзгөрүп, жакшынакай болуп калдым, көптөгөн жакшы эмоцияларга ээ болдум», — деди ал.

Варда — ырчы жана pole-dance бийи боюнча 2009-жылы өткөн дүйнө биринчилигинин финалисти. Шоудо ал Койлубаеванын үй-бүлөсүндө жашады. Ага үй жандыктарын багып, улуттук тамактарды жасоого туура келди, ошондой эле ал чыныгы бүркүт менен аңчылык кыла алды.

Варданын айтымында, бул тажрыйба ага пайда гана алып келди.

«Мен учурда колдо бар нерселеримди көбүрөөк баалап баштадым. Аны менен катар айланамдагылардын алдында чоң жоопкерчиликти сездим жана башкаларга жардам бергим келип кетти. Эң аз дегенде мен бул программадан экинчи үй-бүлөгө ээ болдум деп айтуудан тартынбайм! Динаранын ата-энеси менен бир туугандары мени абдан жакшы жана жылуу кабыл алышты!» — деди ал.

Варда анчалык деле оор көйгөйлөргө кабылбагандыгын, бирок тамактанууда кыйынчылыктар болгонун айтты.

«Динаранын тапшырмалары мага анчалык деле оор болгон жок, анткени мен иштегенден коркпойм. Кыргызстандын салттуу ашканасы негизинен эт кошулган тамактардан турат, а мен жети жылдан бери эт жебейм. Бирок калгандарынын баары тең абдан даамдуу болду, ал эмес мен: «эгер мага тасмага тартылуу үчүн 20 кг. кошумча салмак керек болуп калса, анда андай салмакты оңой эле Кыргызстандан ала алмакмын», деп да тамашалап жүрдүм», — деди ал.

Варданын айтымында, ал Кыргызстанга келүү менен жакшы эмоцияларды алды.

«Мында албетте укмуштуудай кооз тоолор жана дайыма таза аба, бирок мен үчүн шаардын кооздугу анда жашаган адамдардын жагымдуулугуна байланыштуу. А мында адамдар абдан боорукер жана меймандос! Эми мында мени дайыма конокко күтүшөрүн жана кубанычта боло тургандыктары так билем», — деди ырчы.

Кыздардын программа тартылып бүткөндөн кийин да байланышта болуу ниеттери бар. Дизайнерлик кесипте окуп жаткан Койлубаева Вардага кийин жеке мода коллекциясын түзүү убадасын берген.

«Албетте шоудон кийин байланышты үзбөйбүз. Ал менин колдоомду сезиши үчүн ага кеп-кеңештеримди айтып турам! Динара өзүнүн алгачкы кийимдер коллекциясынын үстүнөн иштеп баштай тургандыгын убадалады. Мен аны көрө турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам!» — деп белгиледи Варда.

Койлубаева Варда анын тапшырмаларын абдан жакшы аткарганын жана үй-бүлөсүнө жакканын айтты.

«Азыр Варда менен байланышып турабыз. Ал тапшырмаларды абдан жакшы аткарган. Мен анын кайраттуулугуна бир аз таң калдым. Аны үй-бүлөмдөгүлөр абдан жакшы көрүп калышты. Ал азамат», — деди кыргызстандык студент кыз.