Оппозициянын Өзбекстан менен болгон чек арадагы түзүлгөн кырдаалга каршы митинги Кыргызстандын түштүгүндө, Аксы районунда өтөт. Бийликтин оппоненттери талаш-тартыш сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деп эсептешет.

«Кыргыз бийлигинин аракетсиздигине» каршы митинг 22-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен айылында өтөт. Бул тууралуу Kloop.kgге анын уюштуруучуларынын бири Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, оппозиция жергиликтүү тургундар менен кыргыз-өзбек чек арасынын Ала-Бука районунун Могол айыл аймагындагы талаштуу тилкесиндеги абалды талкуулашат. 18-мартта чек аранын ал тилкесине Өзбекстан аскерлери менен аскердик техникаларын алып кирип жайгаштырган.

Турдукулов «эгер бийлик калк менен сүйлөшө албаса, анда аны кимдир бирөө [оппозиция] кылышы керектигин» билдирди.

«Андагы [Аксыдагы] жашоочулардын көбү аттар менен [чек арага] барууга даяр. А ал чоң жаңжал чыгарат. Биринчи кезекте биз андагы элди тынчтандырууну каалайбыз», — деди ал.

Анын айтымында, Аксы районунун эли Өзбекстан менен болгон чек ара аймактарын демаркациялоо жана делимитациялоо көйгөйлөрүнө карата бир нече жолу нааразычылыгын билдирген.

«Бул өлкө президентинин [Алмазбек Атамбаевдин] түздөн-түз күнөөсү. Анткени Өзбекстандын лидери менен түз байланыш болгон жок, ошондуктан бул маселе чечилбей жатат», — деп билдирди ал.

Турдукулов митинг Кербен айылынын өзүндө өтө тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, оппозициянын чек арага баруу ниети жок.

«Биз деген аскер кызматкери эмеспиз да. Биз басып алуу үчүн барбай элебиз. Биз эл менен сүйлөшүү үчүн барганы жатабыз. Бул митинг — оппозициянын 24-марттагы Курултайынын алдындагы даярдыктардын биринчи фазасы», — деди ал.

Чек ара кызматы: «Митинг маселелерди аткарууга таасир этпейт»

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева митингдин өткөрүлүшү «[чек ара кызматынын] маселелерди аткарышына эч кандай таасир этпей тургандыгын» билдирди.

«Тийиштүү органдар түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатышат, биз дагы абалдын кандай гана өзгөрүүсүнө болбосун даярбыз. Биздин максат — [талаштуу тилкедеги] абалдын курчуп кетишине жол бербей, аны турукташтырып, маселени чечүү», — деди ал.

Оппозиция мамлекеттик чек ара маселелери боюнча Кербенде эки жолу митинг өткөргөн. Биринчиси 11-февралда, экинчиси — 14-мартта болгон.

Акыркы нааразычылык акциясында шаар тургундары митингди токтотуп, «үйгө тароо» талабы менен антимитингге чыгышкан.

Өзбекстан менен болгон чек арадагы абал

19-март күнү эртең менен Кыргызстан Өзбекстан менен болгон чек арасынын Ала-Бука районунун Могол айыл аймагындагы тилкесине эки БТР унаасын жайгаштырган.

Чек ара кызматы мындай кадамга өзбек аскерлеринин чек аранын талаштуу бөлүгүн тосуп алгандыгына жооп катары барган. 18-мартта Өзбекстан эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле ал аймакка аскерлери менен аскер техникаларын жайгаштырып алган.

Андан соң Өзбекстан калган өткөрмө пункттардын дээрлик бардыгын жапкан. Өз кезегинде Кыргызстан да ошондой эле кадамдарга барган.

Өзбекстандын «Nuz.uz» интернет-басылмасы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитетине шилтеме жасоо менен чек ара Ноорузга байланыштуу жабылганын жазган.

Учурда кыргыздардын «Кызыл-Кыя-автодорожный» деген бир гана өткөрмө пункту иштеп жатат, ал Өзбекстандын аймагына өзбек анклавдарынын жашоочуларын өткөрүп жатат.

Сүрөт: Тимур Саралаев