Кыргызстандын оппозициясы Үңкүр-Тоо маселесин чечүүгө бийликке үч күн убакыт берди. Эгер маселе чечилбесе, анда оппозиционерлер азыркы бийликтин кетишин талап кылган мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгышат.
Оппозиция мүчөлөрү бийликке Үңкүр-Тоонун айланасындагы талаш-тартыш тууралуу «элге толук маалымат берүү» талабын коюшту. Бул тууралуу оппозиционер Адил Турдукулов оппозициянын 24-мартта өткөн Координациялык кеңешинин жыйынынан кийин билдирди.
«Биз ал [Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу] келишимге качан кол коюлганын билгибиз келет. Бизге ага 2011-жылы, [президент] Атамбаев премьер-министр болуп турганда кол коюлган деген маалыматтар келүүдө. Бирок аны эч ким ырастабай эле, ошол эле маалда эч ким четке какпай эле. Өзбек тарап ал жер аларга таандык экенин билдирип жатат», — деди оппозиционер.
Турдукулов эгер жакынкы үч күндүн ичинде оппозициянын талаптары аткарылбаса, анда «бүткүл өлкө боюнча бийликтин кетишин талап кылган мөөнөтсүз нааразычылык акциялары баштала тургандыгын» белгиледи.
«Биз Кыргызстан Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берген-бербегендигин билишибиз керек. Эгер андай келишим болгон болсо, анда аны Жогорку Кеңеш гана жокко чыгара алат. Эгер үч күндүн ичинде алар андай кылышпаса, анда бүткүл республика боюнча нааразычылык акциялары башталат», — деди ал.
24-мартта «Кыргыз чоролору» кыймылы Ак үйдүн алдында митинг өткөрдү — анын мүчөлөрү «чек ара маселелерин чечүү үчүн» бийликке он күн беришти.
«Биз өкмөттүн тез арада чек ара жана жер маселесин чечишин талап кылабыз. Биз оппозицияны колдобойбуз, биз эгемендүүлүк үчүн күрөшүп жатабыз. Жер — бул менчик эмес, а биздин мурасыбыз. Биз бул маселе он күндүн ичинде чечилет деген үмүттөбүз», — деп билдирди кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев.
Буга чейин ал «Фейсбуктагы» баракчасына чек арада жаралган кырдаалга коңшу Өзбекстанды эмес, а өзүбүздү «күнөөлөш керектигибизди» жазган. Анын пикиринде, «бул биздин алсыз бийликтин аракеттин кошуна өлкөлөр пайдаланып жаткан биринчи учур эмес».
«Мен кыргыз жетекчилерине кайрылат элем. «Шайлоо, кресло-бийлик, тигини же муну жамандоо жана башка өлкөнүн ичиндеги катындардын ишин кылбастан, мамлекеттик деңгээлдеги иштерди жасасаңар боло. Же колуңардан келбесе, саясий деңгээлиңер жетпесе, башкаларга жолто болбой жол бергиле деңгээли жеткендерге», — деп жазган Көчөрбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта Кыргызстанда «кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды курчутууну каалагандар көп экенин» билдирди. Бирок өлкө башчысынын айтымында, «кызыкдар адамдардын» ал аракетинен майнап чыккан жок.
Үңкүр-Тоо кимге таандык?
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун кимге таандык экендиги тууралуу талаш-тартыш 2013-жылдын сентябрында, качан Өзбекстандын аскерлери келип, тоого өз желегин орноткондон кийин пайда болгон. Ал окуя жергиликтүү калкты тынчсыздандырып, бийликтин 2013-жылдын 1-октябрына чейин Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин чечүүсүн талап кылган нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.
Ал маселе оппозиция Үнкүр-Тоодогу телемунаранын Өзбекстандын аймагында жайгашкандыгы жазылган делинген өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы протоколунун үзүндүсүн тараткандан кийин кайрадан козголууда.
Кыргызстандын өкмөтү ал маалыматты четке кагып, тилке тактала элек экенин билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан 22-марттагы пресс-релизге ылайык, маселени Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия чечет.
Сүрөт: АКИпресс