Бишкектин борборунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келип башка бир унаага сүзүлүп, андан соң күйүп кетти. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондор жок.

Кырсык 30-март күнү кечинде саат 20:30да болду — «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа Манас проспектиси менен түштүктү көздөй бара жатып Киев көчөсүнөн башка унаагы сүзүлгөн, болжол менен ал «Хонда» үлгүсүндө болгон.

Кагышуудан кийин «Мерседес» дагы бир унаага, «Лексуска» барып тийип, андан соң электр мамысына сүзүлгөн. Өзүн Н.С.Санжаров деп тааныштырган окуянын күбөсүнүн айтымында, жол кыймылын жөнгө салуучу «Мерседестин» айдоочусуна токтошу керектигин эскерткен.

«Катуу тарс эткен дабыш угуп, карасам унаа бир нерсеге барып урунду. Эмнеге экени жакшы эсимде жок. Анан жолдун ортосуна чуркап чыгып, айдоочунун күйүп жаткан унаадан чыгып жатканын көрдүм», — деди күбө.

Санжаровдун айтымында, өрт өчүрүүчүлөр 15 мүнөттүн ичинде келишип, өрттү өчүрүштү. Күбө жакын жайгашкан дүкөндөр менен акча алмаштыруу жайларында өрт өчүргүч бар болгондо, өрттү андан да эртерээк өчүрүүгө мүмкүн болмоктугун айтты.

«Жабырлануучу дүкөндүн тепкичинде отуруп тез жардам кызматын күттү. Окуядан кийин деңдароо абалда болгон. Ал ыйлап жиберейин деп араң отурду. Кудайга шүгүр, баары аман-эсен, ден  соолуктары жакшы», — деди күбө.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата ӨКМдин басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Видеонун автору: Санжаров Н.С.