КСДП фракциясынын депутаты Максим Бакиевге каршы доо арыз берүүгө өкмөттүн эки гана күнү калганын билдирди. Өкмөттөн ал маселе «каралып жатканын» айтышты.

КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева Лондонго барып келгенден кийин Кыргызстандын өкмөтү Максим Бакиевдин дарегине соттук доо арыз бербегендигин билдирди. Анын айтымында, арыз берүү мөөнөтү 6-апрелде аяктайт.

«Мен [Кыргызстандын Улуу Британиядагы] элчиликке телефон чалып, доо арыз барбы деп сурадым, алар жок деп жооп беришти. Мен сураштырып көрсөм акыркы мөөнөт 2016-жылдын 6-апрели экенин айтышты. Революция 2010-жылдын 7-апрелинде болгон, а Улуу Британияда экономикалык кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 6 жыл. Бүрсүгүнү ал мөөнөт аяктайт, а биздин өкмөт болсо аны жакшы билет», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Сурабалдиеванын айтымында, доо арыз берүү маселеси өкмөттүн 31-мартындагы жыйынында талкууланган.

«Менин кесиптешим, КСДПнын депутаты Максим Бакиевдин экстрадициясы тууралуу премьер-министр менен башкы прокурорго суроо берген, бирок ага оңдуу жооп болгон жок», — деп билдирди Эльвира Сурабалдиева Kloop.kgнин кабарчысына.

Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Мирлан Дордоев Kloop.kgге курган маегинде өкмөт Максим Бакиев боюнча чечим кабыл ала электигин айтты.

«Мага буга чейин силердин кесиптештериңер телефон чалып, өкмөттүн доо арыз берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу айтышты. Бирок андай чечим жок. Билишимче, андай чечим жок, мен аны көргөн да, уккан да жокмун», — деди Дордоев.

Соттук өкүлчүлүк борборунан кошумча маалымат берүүдөн баш тартышты. Алардын билдирүүлөрү боюнча, ал маалыматтар кызматтык пайдалануу үчүн жана коопсуздук маселелерине байланыштуу.

Сурабалдиева соттук териштирүүлөрдөн баш тартуу ыктымалдыгы 3 миллион доллардын айланасындагы сумманы түзгөн лондондук жактоочулардын кызматтары үчүн төлөөгө каражаттын жоктугу менен түшүндүрүлөт деп эсептейт.

Бирок анын пикиринде, мында каржы маселеси жалгыз себеп эмес — Максим Бакиевдин экстрадициялоо маселеси Улуу Британия менен экономикалык кызматташууну жөнгө салуу үчүн тоскоолдук болуп эсептелет.

Максим Бакиев коррупцияга жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жасоого айыпталууда. 2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президенттин уулун мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Максим Бакиев Интерполдун линиясы боюнча 2010-жылдын майында эл аралык издөөгө жарыяланган. Ал Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган жана ага өлкөнүн аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Эки жылдан кийин Лондон полициясы АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармаган. Лондондун Арбитраждык соту анын Кошмо штаттардагы каржы алдамчылыктары тууралуу ишин караган. Учурда Бакиев сыртка чыкпоо кол катынын негизинде Улуу Британияда жүрөт.

Сүрөт: Reuters