Сигмюндюр Давид Гюннлейгссон офшорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу чоң иликтөөдөн жана анын отставкасын талап кылган масштабдуу акциялардан кийин Исландиянын премьер-министрлигинен кетти.
«Гардиан» британ гезити 5-апрель күнү кечинде Исландиянын премьер-министри Сигмюндюр Давид Гюннлейгссон отставкага кеткенин билдирди. Ал мындай кадамга офшорлор боюнча иликтөөчү журналисттердин эки түйүнү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө аты аталгандан кийин барууда.
Гюннлейгссондун отставкасы тууралуу өлкөнүн айыл чарба жана балыкчылык министри Сигурдур Инги Йоханнссон билдирди. Бирок ал маалымат премьер-министрдин партиялаштары жана президент Оулавюр Рагнар Гримссон тарабынан расмий ырасталган эмес.
«Гардиан» шилтеме жасаган Исландия ЖМКларынын билдирүүлөрүнө ылайык, премьер-министрлик кызматты Йоханнссон ээлеп, а Гюннлейгссондун өзү Прогрессивдүү партиянын төрагасы бойдон калышы мүмкүн.
Иликтөө Гюннлейгссондун үй-бүлөсү эсебине бир канча миллион доллар которулган офшордук компанияга ээлик кыларын көрсөткөн. Ошондой эле иликтөөгө ылайык, премьер-министр кирешелери тууралуу деклорацияда ал компаниянын 50%ына ээлик кыларын көрсөткөн эмес.
Иликтөөнүн жарыяланышы Исландиянын өзүндө нааразычылык акцияларын жараткан — бир канча миң киши премьер-министрдин отставкасын талап кылып, өкмөт имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыккан.
Гюннлёйгссондун өзү маалымат жыйынында анын жубайы үй-бүлөлүк компаниялардын бир бөлүгүн сатып, акчаны банкка салганын билдирген. Өкмөт башчы ал банк акчалар менен операцияларды жүргүзгөнүн, бирок ал тууралуу билбегендигин кошумчалаган.
Гюннлёйгссон тактоо иретинде узатылган суроого андан ал билбеген нерселер тууралуу сурап жаткандыктарын айтып жооп берди.
«Силер мында эмне кылууга аракет кылып жатасыңар? Бул таптакыр жарабайт», — деп жооп берген соң премьер-министр кетип калган.
Тема боюнча: «Панама документтеринде» дүйнөлүк саясатчылар менен атактуу адамдардын кимисинин ысымдары аталды?
Офшорлордогу коррупциялык схемаларды масштабдуу иликтөө панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын дээрлик 12 млн. документи ачыкка чыгып кеткенден кийин мүмкүн болгон.
Ал документтер «Зюдойче цайтунг» немис гезитинин колуна тийип, ал аларды Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны изилдөө боюнча борборго (OCCRP) жана Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциумуна (ICIJ) көрсөткөн.
Архивдерди карап чыгуунун жыйынтыгында, дүйнөнүн 400гө жакын журналисти тарабынан офшорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу материалдардын сериясы жарыяланган. Аларга 12 мурдагы жана азыркы дүйнөлүк лидерлер, жогорку кызматтагы чиновниктер жана атактуу адамдардын тиешелери болгон.