Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарына 7-апрелди эс алуу күндөрүнүн тизмесине киргизүүнү сунуштаган. Ага жооп кылып эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун демилгелешип, аны үч окуу тең кабыл алышты. Мыйзамдын бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кириши үчүн өкмөт токтом чыгарышы керек.

6-апрелде бир катар ЖМКлар 7-апрель элдик апрель революциясы жана эс алуу күнү болуп жарыялангандыгы тууралуу жаңылык чыгарышкан. Кыргызстандыктар азырынча так жооп жок болгон ал күндүн эс алуу күнү болор-болбосу боюнча суроолорду берип башташты.

Президенттин басма сөз кызматынан Kloop.kgге кыргыз өкмөтү 7-апрелди эс алуу күнү деп жарыялай турган токтом даярдашы керектигин билдиришти.

«Президент жарлыкка 4-апрелде кол койгон. Бизге белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеш аны жактырды, эми өкмөт токтом даярдап чыгарышы керек болот», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Ошентип, эгер өкмөт эс алуу күнү тууралуу токтомду бүгүн, 6-апрелде чыгара турган болсо, анда кыргызстандыктар эртең эс алышат. А эгер андай болбосо 7-апрель 2017-жылдан баштап эс алуу күнү болуп калат.

Өлкө башчысы революция болгон күндү эс алуу күндөрүнүн тизмесине киргизүүнү сунуштаган жарлыгына 4-апрелде кол койгон. Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүн ичинде мыйзам долбоорун демилгелешип, аны үч окууда тең кабыл алышты.

Демилге экс-президент Курманбек Бакиев жана анын режими кулатылган 2010-жылдын 7-апрелиндеги «трагедиялуу окуяларды түбөлүккө калтыруу» каалоосу менен түшүндүрүлүүдө.

Ошондой эле Атамбаевдин жарлыгында жыл сайын 17-март (2002-жылдын ал күнү Аксыда демонстранттарга ок атылган) менен 24-мартты (2005-жылдагы «жоогазын революциясы» болгон күн, анда Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен кетирилген) белгилеп туруу сунушталган.