Ош шаарынын атайын адистештирилген автобазанын маалыматында, бир айдын ичинде 300дөн ашуун көчө иттер атылды. Мындай иш аракеттери көчө иттери калбай калганга чейин өткөзүлөт.
Атайын адистештирилген автобазанын жетекчиси Жанибек Маматовдун "Клоопко" берген интервьюсунда, көчө иттери 2011-жылдын күз айларынан баштап көбөйө баштаган.
Шаардын баардык кичи райондорунда иттерди атуу аракеттери жүрүп жатат.
"Иттерди күндүзү эл бар жерлерден алыс качырып барып атабыз, жаш балдар коркуп калбаш үчүн. Түндөсү атуу адамдарга кооптуу, себеби атылган ок кайып барып тийип кетиши мүмкүн. Күнүнө 20 ашык ит атып жатабыз",—деп түшүндүрдү ал.
Азырынча шаар боюнча бир эле ит атар бар. Ош шаардык бюджетинен дагы бир ит атарга акча бөлүнөрүн пландаштырылууда.
"Ошону менен бирге иттерди ташуу боюнча бир машина, бир мынтык кошуп берилет. Бул маселе толугу менен март айында чечилип калат»,—деп айтты Маматов.
№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун рабиолог Исраил Азимжановдун билдирүүсүндө, көчө иттери каап алып жабырлануучулардын саны жумасына 10дон ашат. Алардын тең жарымы жаш балдар.
"Эгер көчө иттеринен жабыркаган болсо үч айда алты жолу укол алат баары акысыз[…]. Вакцина толугу менен алынса жабырлануучу толугу менен айыгып кетет. Эгер кутурган иттен жабырланган болсо иттен кутурма оорусу жугат бул ооруга каршы вакцина жүргүзүлөт",—деп түшүндүрдү Азимжанов.
Атууга каршы жана макулдар
Ош шаарынын жашоочусу Зинагүл Турдубекованын оюнда, көчө иттердин баардыгын аттырыш керек.
"Көчөдө иттер көбөйүп кеткени чын, алардын ичинде кутурма менен ооругандары бар да, адамдарга ушул оорунунун барына жугузуп жатпайбы",—деди Турдубекова.
Студент Замира Оморалиева да иттерди атуу керектигине кошулат.
Бирок Дилбар Сулейманова мындай атуу иш чараларга каршы.
"Эки итти атканын көрүп коркуп кеттим, иттерге вакцина колдонсо жакшы болот эле. Алар деле жандуу зат да",— дейт шаардын тургуну.
Ошондой эле Асель Турдалиева "ит адамдын досу" деген макалга таянып башка деле жолдору менен күрөшсө болот деген ойду билдирди.