Ош шаарынын жолдорунун 70% оңдолот


Шаардын 5- кичи райондорунун жолдорун калыбына келтирүү үчүн, Бүткүл Дүйнөлүк Онүктүрүү банкы 4,5 миллион АКШ долларын бөлүп берди. Оштун жолдорун оңдоо башкармалыгынын жетекчиси ушул жылдын соңуна чейин жолдордун 70% кайра жасап чыгуу планга коюлганын билдирди.

Транспорт жана коммуникация министирлиги өткөргөн тендердин негизинде «Империя групп» ишканасы жумушту кол алдына алды. Шаар 11 территориалдык советтерге бөлүнгөн. Жергиликүү бийликтин айтымында ремонт иштери 5 кичи райондо жана ошондой эле Геологогородок, Хлопчатобумажный комбинат, Зайнабединова, борбордук Араван райондорунда өткөрүлөт.

Шаардык мэрия алдындагы жолдор боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мамыров реконструкция иштери ушул жылдын 15-майында башталган дейт. Өкмөт башчылары эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкына жолдорго толук асфальт төшөө боюнча жардам берүү өтүнүч менен кайрылып, алардан грант алды.

Рустам Мамыровдун билдиргенине караганда, жолдордун жыртылган жерлерине гана жамаачы коюлбастан, көчөлөргө толугу менен жаңы асфальт төшөлөт.

«Биз бул иштерди жүргүзүү максатында жолдордун үтүңкү катмарын алып салдык. План боюнча шаардын 70-80% түз жолдор пайда болот», — деди интервьюсунда Мамыров.

Оштун вице-мэри София Шевченко Мамыровдун айтканын жасоо оор деп билдирди.

«Жолдордун канча пайызы ондолоору тууралуу мен так айта албайм. Бирок божомол менен 50% тегереги кайра жасалып чыгат.», — деди вице-мэр.

Кайра ондоп түзөлтүүгө пландаштырып жаткан ар бир көчөнүн узундугу 3 км- барабар.

Казынадан каржылоо

Ош шаарынын көчөлөрү 538 километрди түзөт, алардын жарымына, такыр асфальт төшөлгөн эмес. Жолдорду ондоого шаардык бюджеттен 67 миллион сом каралган. Жергиликтүү бийлик өкүдөрүнүн айтымында, бул сумманын үчтөн бир бөлүгү асфальттоого, калганы жыртык жолдорго жамаачы салууга жумшалат.

«Биз мурун эле асфальтталып, азыркы учурда жараксыз абалга келип калган жолдорду жасайбыз. Эгер мүмкүн болсо, абалы канаатандыраарлык жолдордун кээ бир жерине гана жамаачы менен каптайбыз», — деп түшүндүрөт Рустам Мамыров.

Шаардагы жолдордун курулушу баардык инженердик эрежелеринин негизинде өтөт. Бул тууралуу адис-инженер Аман Бакиров билдирди.

«Эки полосалуу трасса, арык жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тратуарлар жол кырсыгын алдын алууга жардам берет», — дейт.

Бирок шаардык копитал курулуш башкармалыгынын жетекчиси Матисаков, мыйзамсыз курулуштар баардык эрежелерди бузат дейт.

«Жолдордун эки жээгин көбүнчөсү элдер коргоп алган. Анын негизинде тротуар, арык деген нерселер көп жерлерде жок. Ошол себептен мэрия жана жолчулар алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет», — деди Матисаков.

Шаар тургундарынын ою

Геологогородка районунун туругуну Майрам Талканчиева шаардын негизги гана көчөлөрүн асфальт менен төшөп койбостон, баарын жасаганга аракет кылыш керек деп билдирди.

«Баардык эле жолдор текши жасалса болмок. Анын үстүнө чаң көп. Эгер баарны асфальт менен каптайбыз десе, мейли. Ал кыйынчылыкарга деле чыдайт элек. Эң негизгиси иштин соңунда шаар тазаргансып калат», — деп эсептейт Оштун тургуну.

Фрунзенский районунун тургуну Акмат Жакыпов жолчулардын ишине нааразы экенин билдирди.

«Жолдогу жыртыктарды эптеп жамаачы менен каптап кетип калышты. Ал эми Ашхабадская көчөсүндө асфальт толугу менен төшөлгөн" деди Жакыпов.

Студент Эльнура Миркамил кызы шаардын борборунда жайгашкан көчөлөргө асфальт төшөштүн деле анче талабы жок болчу. Анын айтымында андан көрө четки көчөлөргө ремонт иштери көбүрөөк талап кылынат.

Автор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова