Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Александр Кремер Өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда күтүүсүздөн кетип калды. Чыгып баратып стаканды түшүрүп жиберген. Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, кан басымынын жогорулушунан жана ден-соолугуна байланыштуу кетүүгө аргасыз болгон.
Бул окуя жергиликтүү ММКларда эле эмес, Орто Азияда талкууга алынган тема болуп калды.
Өкмөт үйүндөгү Кыргызстанда реформалоо программасы боюнча жолугушууда Кремер «котормо үчүн техниканы вице-премьер Жоомарт Оторбаевге ыргытып жиберди»,- деп алгач кыргызстандык кабар агенттиктери маалымдашкан.
Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгү, ден-соолугу күтүүсүздөн начарлап, өзүн жаман сезгендиктен кетүүгө аргасыз болду, ал эми стаканга колу капыстан тийип кеткен,- деп кабарлашты. Кремер азыркы учурда ооруканада.
«Кремердин мындай кадамдары ден-соолугу менен гана байланыштуу. Мээдеги кан айлануу системасынын бузулушунан улам күтүүсүздөн каттуу таасир берип приступ болуусуна алып келген. Ошондуктан Кремер мырзанын жүрүм-туруму өзгөрүлүп кеткен», — деп билдирет Дүйнөлүк Банк пресс-релизинде.
Ушундай эле версияны Өкмөттүн басма сөз катчылыгы кабарлады — Кремер «жүрөгү ооруп» жолугушуудан кетүүгө аргасыз болгон.
«КирТАГ» кабар агенттиги, Кремер бөлмөдөн чыгып баратып сөгүнгөнүн кабарлаган, ал эми «Мир» телеканалы өз сайтына жүктөгөн видеодон Кремердин «God, I need to get out of here!» («О, Кудай, бул жерден кетишим керек!») деген сөзүн укса болот. Видеону бул шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар http://kg.mirtv.ru/news/4665138
Дүйнөлүк Банк, жетекчисинин мындай жүрүм-турумуна кечирим сурап, ошол учурда сүйлөп жаткан Эл аралык валюта фондунун өкүлү Коба Гвенетадзеге эч тиешеси жок,- деп кабарлашты.
Бул окуя «Твиттер» блогунда да кызуу талкууга алынган темалардын бири болду.
«Хахаха, Александр Кремер — красафчик, чыныгы эркек, байкеша, биздин чиновниктердин маанисиз сөздөрүнөн тажап кетсе керек», — дейт @Ahmadhon колдонуучусу.
«Твиттердеги» лакап аты @azzzik болгон «АКИпресс» кабар агенттигинин өкүлү Азамат Иманалиев, Кремер «эшикти катуу жаап кетти»,- деп жазып чыккан.
@abdalievn колдонуучусу Кремер ден-соолугу жакшы эле, «Ооруган адамдар эшикти катуу жаап, мындай ыкчам басышпайт» дейт.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Бектур Искендер