Cүрөт: Кыргыз эстрада ырчылары эмгекчилер күнүндө элди куттуктады

Жылдыздардын катышуусунда өткөн концертти Миң кыял FM үналгысы уюштуруп, ага кыргыз эстрадасына эмгеги сиңген ырчылардан тарта жаңы чыгып келе жаткан артисттер катышты.

Эмгекчилер күнүнө карата “Бишкек Парк” соода борборунда уюштурулган акысыз концертте эстрада ырчыларынан Айчүрөк Исаналиева, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, Ильяз Андаш, Айымжан Айылчиева, Баястан, “Non-Stop” дуэти, “Style-Miх” топтору жана ошондой эле тамашоучулар келип концерт коюп беришти.

concert (2) concert (6)

Алып баруучу Руслан Мырзатегин көрүүчүлөрдүн ичинен Миң Кыял FM радиосунун чыгарылыштары тууралуу кызыктуу фактыларды билгендерге белек берди.

concert (8) concert (7)

Элдин көңүлүн көтөрүү милдетин тамашоучулардан “Позитив” командасы алып, өз тамашаларын элге тартуулашты.

concert (5) concert (4) concert (3)

Андан сырткары эмгекчилердин күнүнө карата концертте бөбөктөр өздөрү жаттап келген ырларын сахнага чыгып, көрүүчүлөргө сунду.

Авторлор: Адилия Мундукова, Айчолпон Касымалиева, Бегимай Бекмуратова