Армениянын өкмөтү апрелдин башында аймагында куралдуу кагылыштар башталган Тоолуу Карабах республикасынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Армян депутаттары апрелдин башында куралдуу кагылышуулар башталган Тоолук Карабах республикасынын көз карандысыздыгын таануу сунушун өкмөткө жөнөткөн.
Республиканын көз карандысыздыгын таануу тууралуу мыйзам долбоорун Армениянын өкмөтү 5-майда карап, жактырды, деп билдирүүдө Би-би-си. Болжолдуу маалыматтар боюнча, парламент аны 10-майдагы кезексиз жыйынында карайт.
Армениянын тышкы иштер министри Шаварш Кочарян «Интерфакс» агенттигине курган маегинде мыйзам долбоорунун кабыл алынышы окуянын өнүгүшүнө жараша болорун айткан.
«Өкмөттүн корутундусуна ылайык, таануу окуянын андан аркы өнүгүшү менен негизделген. Эгер Азербайжан жаңы согуштук агрессияларга себепкер болсо, анда Тоолуу Карабахтын таанылышы күн тартибине кирет», — деди Кочарян.
Азербайжандын дипломаттары армян бийлигинин мындай аракеттерин туура эмес катары баалашты. Азербайжан ТИМи расмий билдирүүсүндө Армениянын бийлиги «өзүнүн жоопкерчиликсиз аракеттеринин» кесепеттери тууралуу ойлонбой жатканын» белгиледи.
«Эгер керт башынын пайдасын ойлогон бул тар максаттар эстүүлүктөн бийик болуп, бул чагымчылдык ишке ашырыла турган болсо, анда анын кесепеттери үчүн бардык жоопкерчилик Арменияга жана анын жетексилигине жүктөлөт», — деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын таануу маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн, бирок Армения бийлиги ал сунушту четке кагып, аны сүйлөшүү процессине зыян келтирбөө каалоосу менен түшүндүрүп келген.
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы абал 1-апрелден 2-апрелге караган түнү курчуган. Азербайжан бийлиги Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган ок атуулар тууралуу, ал эми Армения азербайжандыктардын «чабуул жасоо аракеттери» тууралуу билдиришкен.
Орусия ЖМКларынын маалыматтары боюнча, куралдуу кагылышуулар 30дан ашык кишинин өмүрүн алып кеткен. Жабыркагандардын арасында жайкын адамдар да болгон.
Азербайжандыктар менен армяндардын ортосундагы жаңжал 1988-жылдын февралында, армян тоолорунун чыгыш тарабында жайгашкан, бирок Азербайжанга таандык болгон Тоолуу Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыга тургандыгы жөнүндө билдиргенден кийин башталган.
Азербайжан ал республиканын көз карандысыздыгын тааныган эмес жана бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо тууралуу билдирип келет, бирок Армения калкынын көбүн этникалык армяндар түзгөн таанылбаган республиканынын кызыкчылыктарын коргоп келет.
Бүгүнкү күндө Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгы Абхазия, Түштүк Осетия, Приднестровье, ошондой эле АКШнын жети штаты, анын ичинде Калифорния менен Гавайи штаттары тарабынан таанылган.
Башкы сүрөттүн булагы: Euronews