Google Кыргызстанды Street View сервисине кошту— эми колдонуучулар өлкө менен виртуалдык турлардын жардамы менен тааныша алышат. Kloop.kgнин редакциясы Кыргызстандын Street View сервисиндеги сыймыктанууга болбогон сүрөттөрүн топтоду.
Кыргызстан Google Street View сервисинде пайда болду — бул расмий түрдө 7-майда жарыяланды. Эми колдонуучулар Google-мобилдин — панорамалык сүрөттөрдү тарткан унаанын — объективи аркылуу Кыргызстандын кандай экендигин көрө алышат.
Кадрга өлкөнүн жашоочулары сыймыктанган ажайып жайлар менен жаратылыш гана тартылган эмес. Kloop.kgнин редакциясы дүйнөнүн бардык жериндеги колдонуучулар көрө ала турган өлкөнүн күнүмдүк көйгөйлөрү тартылган «начар» Кыргызстандын кадрларын топтоду.
Тема боюнча: Google Street View сүрөттөрүндөгү «жакшы» Кыргызстан
Начар жолдор
Google-мобиль Бишкектин дээрлик ар бир көчөсү аркылуу өтүп, шаардын четиндеги жолдордун сапатын да сүрөткө тарткан:
Кайназарова көчөсү:
Литовский көчөсү:
Медеров көчөсү:
Түгөлбай Ата көчөсү:
Каракум көчөсү:
Жол көйгөйлөрү Бишкектин четинде гана эмес, өлкөнүн башка шаарларынын четинде да бар:
Каракол:
Талас:
Токмок:
Ош:
Жалал-Абад:
Нарын:
Жол кыймыл эрежелери сакталбаган учурлар:
Объективге кыргыз айдоочуларынын жол эрежесин бузуп жаткандыктары да тартылган — карама-каршы тилке менен жүрүү, унааны тыюу салынган жерге токтотуу, жол чырак кызыл күйүп турганда токтобой өтүү.
Ош базарынын жанындагы унаа башаламандыгы, Бишкек:
Бишкектин Киев көчөсүндөгү каршы тилке менен жүрүү:
«Дордой» базары:
Жалал-Абад:
Ош, стоп-сызыктын сакталбашы жана жол чырак кызыл күйүп турганда токтобой өтүү:
Ош, жолдун жөө адамдар өтчү бөлүгүнө токтотулган унаа:
Тротуарлардын жоктугу:
Google-мобиль жол коопсуздук эрежелеринин бузулушу менен катар эле жол жээктеринде тротуарлар жок жерлерди да сүрөткө түшүргөн.
Каракол:
Жалал-Абад:
Нарын облусу:
Таштанды
Таштандыга толгон таштанды челектери, тротуарлардагы таштанды, жол жээгинде жаткан бош бөтөлкөлөр — мунун бардыгы Google-мобилдин объективине түшкөн.
Көк-Жар, Чүй облусу:
Токтогул көчөсү, Бишкек:
«Дордой» базары:
Тыныстанов көчөсү, Каракол:
Бакаев көчөсү, Бишкек:
Дзержинский көчөсү, Бишкек:
Бишкек:
Күрөңкеев көчөсү, Бишкек: