Социал-демократ Дастан Бекешев «актуалдуулугун жоготкондуктан» улам Конституция күнү, Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Улуу Октябрь революциясы күнү майрамдарын жоюуну сунуштады.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев айрым майрам күндөрүн Эмгек кодексинен алып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий сайтына жазды.

Бекешев «актуалдуулугун жоготуп койгондуктан» улам майрамдык эс алуу күндөрүнүн тизмесинен Ата Мекенди коргоочулар күнүн (23-февраль), Конституция күнүн (5-май) жана Улуу Октябрь революциясы күнүн алып салуу керек деп эсептейт.

«Эмгек кодексине ылайык, Кыргыз Республикасында 13 күн майрамдык эс алуу күнү болуп эсептелет. Ал майрамдык эс алуу күндөрүнүн айрымдары өз актуалдуулугун жоготуп койду», — деп жазды Бекешев өзүнүн расмий сайтына.

Депутаттын айтымында, аталган майрамдар үй-бүлөлөрдө белгиленбейт, алар «кезектеги эс алуу күнү» катары кабыл алынат. Ал кодексти кайрадан карап чыгып, ал күндөрдү иш күнү деп жарыялоону сунуштады.

«Конституциянын көп жолу өзгөргөндүгүнөн улам адамдар 5-майды майрамдык күн катары кабыл алышпайт. Ал күн кезектеги эс алуу күнү катары гана кабыл алынат», — деп жазды ал Конституция күнү жөнүндө.

Депутат ал күндөрдү мамлекет иш-чараларды өткөрүп, а адамдар кадимкидей иштеген «эсте калган күндөр» катарында калтырууну сунуштады.

Бекешев Эмгек кодексиндеги аталган үч майрамдын ордуна башка эки майрамды — Апалар күнү жана Балдарды коргоо күнүн (1-июнь) киргизүүгү сунуштады. Анын пикиринде, бул күндөр «үй-бүлөлөрдү» бириктиргендиктен» улам эс алуу күнү деп жарыяланышы керек.

«Жаңы үй-бүлөлүк майрамдардын киргизилиши үй-бүлөлүк институттарды бекемдей турган жакшы укук коргоочу натыйжаларга гана алып келет», — деп жазды депутат.

Мындай демилгени өкмөт 2013-жылдын декабрында көтөрүп чыккан. Бирок анда идея Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.