Украиналык учкуч Надежда Савченко Киевде соттолгон эки орусиялыкка алмаштырылды — бул тууралуу ЖМКлар жеке булактарына шилтеме жасап билдирип жатышат.
«Рейтерс» басылмасы алмашуу болгонун жана Савченко Киевге багыт алганын билдирүүдө. УНН басылмасы да жеке булактарына шилтеме кылуу менен алмашуу фактысын ырастоодо.
Савченконун Ростовдо жүргөн жактоочусу Илья Новиков «Фэйсбуктагы» баракчасына «+» деген белгини жарыялады — бул алмашуунун болгондугунун ырастоосу болушу мүмкүн.
Азырынча бул боюнча расмий түрдө эч ким түшүндүрмө бере элек. Украинанын бийлиги тарабынан билдирүү бүгүн кечирээк болот.
25-майда «Интерфакс» маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасоо менен Савченконун Киевде соттолгон орусиялык Александр Александров менен Евгений Ерофеевге алмаштырыла турганын билдирди. Украин бийлиги ал орусиялыктарды «Башкы чалгындоо башкармалыгынын жоокерлери» деп атап келет.
«Жакынкы убактарда Киевден орусиялык Евгений Ерофеев менен Александр Александров отурган президенттик учак украиналык учкуч Надежда Савченко жеткирилген Ростов-на-Донуга учуп келет», — деп билдирген «Интерфакстын» маектеши.
Басылма Ростовго украин президенти учуп чыкканын жазган, бирок УНН басылмасы анын ордуна Савченкону президенттин басма сөз катчысы Владислав Цеголко менен парламент спикеринин орун басары Ирина Геращенко тосуп алганын жазууда.
УННдин маалыматы боюнча, Порошенко Савченкону аба майдандан тосуп алат.
ТСН басылмасы да Савченкону тосуп алуу үчүн Порошенко Ростовго учуп кетпегенин жазууда.
«Интерфакстын» башка булагы Савченкону Украинага беруү соттолгондордун андан ары жаза өтөөсү үчүн өткөрүп берүү тууралуу эки мамлекет ортосундагы келишимдин негизинде болгонун айтты.
«Ростов-на-Донуда Савченкону коштоп жүргөн орусиялык укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар. Эки тараптуу келишим боюнча, украин бийлиги ошол жактан эле Украинада кармалган эки орусиялыкты өткөрүп беришет», — деди басылманын булагы.
Савченкого карата чыгарылган өкүм
Орус бийлигинин версиясы боюнча, украиналык учкуч Надежда Савченко 2014-жылдын 30-июнунда кармалган — анда Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин украин учкучу орусия-украин чек арасын «качкын катары» кесип өткөнүн билдирген.
«Калктуу конуштардын бириндеги документ текшерүүдө ал тек-жайын аныктоо үчүн кармалган. Андан кийин Савченконун орусиялык журналисттерди өлтүрүү иши боюнча шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болгон», — деп билдирген анда Маркин ТАССка курган маегинде.
Савченконун өзүнүн айтымында, аны Украинанын аймагынан уурдап качышып, колдорун байлап, башына кап кийгизип Орусияга күчтөп алып киришкен.
2016-жылдын 22-мартында Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту Савченкого карата 22 жылга эркинен ажыратуу жана 30 миң рубль айып пул төлөтүү өкүмүн чыгарган.
Айыптоого ылайык, Савченко 2014-жылдын 17-июнунда Украинанын Луганск облусундагы Металлист кыштагынын аймагынан жарандык адамдарды байкап, алар тууралуу украиналык «Айдар» батальонунун командирине кабарлаган, андан кийин куралсыз адамдардын тобуна карата ок атылган. Алардын арасында ВГТРКнын кызматкерлери бар болуп, экөөсү каза болушкан.
Савченко менен анын жактоочулары бир канча жолу айыптоо тараптын жүйөдалилдерин четке кагышып, сот украин учкучуна карата калыстыксыз мамиле жасап жатат деп эсептешкен.
«Судья Степаненко бардык процессуалдык жүрүштөрдү, көп барактан турган өтүнүч каттарды жана коргоонун адистеринин сөздөрүн эки гана бетке батырды», — деп жазган «Медиазона» басылмасы жактоочу Николай Полозовдун айткандарын.