Kloop.kg #SmartIsTheNewSexy аттуу материалдардын мини-сериясын чыгарып баштайт. Анда курстар жана таанып-билүү каналдарынын сүрөттөөлөрү менен гана эмес, а үйрөнүүнүн жеке тажрыйбасы менен толукталган өз алдынча окуп билүү боюнча кеңештер берилет. Биринчи чыгарылышында редактор Азамат Өмүралиев кино өндүрүшү менен искусство тарыхын окуп үйрөнүү үчүн пайдалуу болгон YouTube-каналдар менен сайттар жөнүндө айтып берет.

Мен билим алуу мектеп жана жогорку окуу жай менен гана чектелип калбай турганына ишенем. Кандай гана адам болбосун жаңы билим алуу жана өз алдынча окуп үйрөнүүсүн улантуусу маанилүү. Кудайга шүгүр, азыр интернет бар заманда жашап жатабыз.

Албетте, баары тең эле Khan Academy, Coursera же Codeacademy курстары жөнүндө угушкан, бирок ал сервистердин ар биринде көйгөйлөр бар. Мисалы, биринчиси топиктердин тизмесине абдан бай, бирок курстарынын иштелип чыгышы жагынан начар. Экинчиси абдан көп кайтарымды талап кылат. А үчүнчүсү эч нерсеге жарабайт — Codeacademyден Java программалоо курсун өтүп көргүлө, анын соңунда силер эч нерсе билбей (жана түшүнбөй) турганыңарды гана билип чыгасыңар.

Менин тизмемде YouTube-каналдар абдан көп болот, анткени жеке мен аны маалымат алуунун эң ыңгайлуу жолдорунун бири деп эсептейм. Биринчиден, бул бирдиктүү платформа — анда бардыгы тең бир жерде жана түрдүү сайттар менен интерфейстерди барактоого туура келбейт. Экинчиден, видеолордун форматы абдан жеткиликтүү жана кыска. Анан да акыркы убактарда каналдар маалыматтарды кабыл алуу жана түшүнүү процесстерин кыйла жеңилдете турган сонун инфографикаларды коюп башташты.

Үчүнчүдөн, YouTubeда дээрлик бардык нерселер бар. Excelди сиз үчүн өзгөрмөлүү маселелерди чечип бергендей кылып кантип жөндөө керектигин билбей турасызбы — YouTubeга жазып издеңиз. Javaда protected менен publicтин айырмасын билбей жатасызбы  — YouTubeга жазып издеңиз.

Бул жагынан алганда YouTubeдун  Googleдан приниципиалдуу өзгөчөлүгү — анын кыйла түшүнүктүүлүгүндө. Сизге оор концепттер жандуу адамдардын манжалары менен түшүндүрүлгөндө, ал чынында эле кыйла түшүнүктүү болоруна ишенип коюңуз.

ИСКУССТВО

Art Assignment

Бул каналдагы эң жакшы нерсе — он мүнөттүн ичинде түрдүү артисттердин (мисалы, Энди Уорхол менен Канье Уэсттин) өмүр баяндары менен ык-амалдарын түшүндүрүп бере турган «The Case For» роликтер сериясы. Ошондой эле ал жакка ландшафт дизайнери же фоторепортер сыяктуу кызыктуу спикерлер чакырылат, бирок алар искусствого анча байланышы жок материалдар.

Smarthistory

Бул канал чыдамкайлар үчүн — мында видеолор кыйла көп жана алар абдан деталдаштырылган. Эгер башка долбоорлор алты мүнөттүн ичинде белгилүү бир чыгармачыл адамдын өмүр баяны менен негизги эмгектери жөнүндө айтып бере алса, Smarthistory ал алты мүнөттү сүрөтчүнүн бир гана эмгегине арнайт. Жыйырманчы кылымдын негизги агымдарынын аталыштарынан башка дагы көп нерселерди билүүнү каалагандардын баарына сунуштайм.

Philinthecircle

Борбордук тематикага ээ эмес кызыктай канал — анда сүрөт тартууга же кантип Мона Лиза болуу керектигине үйрөтөт. Ошол эле маалда электр энергиясы менен түрдүү трюктар көрсөтүлөт. Philinthecircle каналындагы эң пайдалуусу башкада.

Искусстводогу негизги агымдар жана живопись менен скульптурадагы негизги доорлор боюнча кеңири түшүнүк берчү роликтер сериясы — бул керектүү билимди алып, жаңы горизонтторду багынтуу үчүн жөнөөгө боло турган унтиматумдуу плацдарм (мисалы, ошол эле Smarthistory каналы).

MoMA

Качан мен искусство жөнүндө айтып, аны түшүндүрүп бере турган каналдарды табуу максатын койгонумда, биринчи кезекте музейлердин баракчаларына баш бактым. Алардын ичинен эң көрүнүктүүсү легендарлуу MoMA болуп чыкты.

Ал музейдин каналында видеолор абдан көп жана алардын көбү маанисиз тантыктык. Бирок арасында татыктуулары да жок эмес. Мисалы, Эдгар Деганын монотиптери жөнүндөгү бул кооздук.

Арзамас

Screen-Shot-2016-05-31-at-17.28.55-768x355

Жогоруда төрт канал тең англис тилдүү. Бирок мен пайдаланып жүргөн орус тилдүү ресурстар да бар. Мисалы, «Арзамас» — чынында ал көбүрөөк тарых жана адабият жөнүндө, бирок искусствого да орун берилген. Алсак, мына XIX кылымдын живописи боюнча бул курс.

«Арзамастын» өзү — мультимедиялык долбоор жана ал видеолор менен гана чектелбейт. Анда тексттер, тесттер жана түрдүү колонкалар бар. Жалпысынан, жакшы ресурс.

Artsy жана Wikiart

Screen-Shot-2016-05-31-at-17.31.29-768x363

Менимче, искусство тарыхын үйрөнүүдө агымдар менен авторлорду гана окуп билүү жетишсиз, эмгектердин өзүлөрүнөн ыракат алуу да маанилүү. Ал үчүн эки мыкты сайт бар — китепканасы анча бай эмес, бирок авторлор жана кыймылдар боюнча категорияларга бөлүнгөн Artsy менен бай китепканага ээ WikiArt.

Почта аркылуу жөнөтүү, artnet News

Screen-Shot-2016-05-31-at-17.30.11-768x488

Балким бул тизмедеги анча пайдалуу эмес пункт болушу мүмкүн — искусство дүйнөсүндөгү жаңылыктардын почта аркылуу жөнөтүү. Эгер жазылып койсоңор аукциондордон көптөгөн маалыматтарды алып, учурдагы артисттердин аты-жөндөрүн билип турасыңар, тигил же бул картинанын баасын божомолдоону үйрөнөсүңөр.

КИНО

Every Frame a Painting

Белгилүү режиссерлордун мисалында кино өндүрүшүнүн фундаменталдык концепттери түшүндүрүлгөн ыңгайлуу жана талантуу канал. Өзүң үчүн shot reverse shot же 180 degrees rule сыяктуу терминдерди ачуу үчүн да, ошол эле маалда Финчердин, же мисалы бир тууган Коэндердин буга чейин көргөн тасмаларын жаңы көз караш менен кароодо өтө пайдалуу ресурс.

Channel Criswell

Биринчи караганда Channel Criswell — жогорудагы Every Frame A Paintingдин көчүрмөсү. Кайсыл бир тасманын мисалында теориялык концепттер каралган ошондой эле видеолор.

Бирок айырмачылыктары да жок эмес. Бул канал ошол эле теориядагы концепттерге азыраак байланган жана анын мааниси, жана ал маанинин кайсыл инструмент менен түзүлөрү боюнча ой жүгүртөт. Мында видеолор — белгилүү бир режиссерлордун фильмографиясын ылгоо эмес, а алардын анализи. Мындан улам бул канал кайсыл бир деңээлде рецензия-роликтерди эске салат, бирок каналга академиялык ык-амал да жат эмес. Жеке мен үчүн анын мындай форматы көңүлүмө көбүрөөк жагат — тасма көрүп, андан соң өзүң үчүн жаңы көз караштар менен интерпретацияларды ачуу үчүн ушул сайтты көздөй жөнөсөң болот.

Fenchel & Janisch

Бул канал жогорудагы эки каналга салыштырмалуу өтө прагмативдүү жана тыкан. Fenchel & Janisch каналында силер Кубриктин же Тарковскийдин тасмаларынын эмнеси менен жакшы экенин биле албайсыңар, бирок видео тартуу үчүн күзгүлүү фотоаппаратты ырастоону үйрөнүп, түрдүү линзалар ортосундагы айырмачылыктарды түшүнөсүңөр.

Сценарийлер

Screen-Shot-2016-05-31-at-17.38.51

Эгер силер өзүңөр тасма тартайын деп жатсаңар, анда силерге сценарий керек болот. Үч досуңар менен биргеликте эле бир нерсе тартууну пландап жатсаңар да сценарийдин болушу маанилүү. Болжолдуу түрдө анын кандай жазыла тургандыгын билүү үчүн «Киномания» сайтына кирүүгө болот — анда Тарантино тасмаларынын оригиналдуу скриптерин, ошондой эле алардын орусча котормолорун да таба аласыңар.

Киносынчылар

Антон Долин
Антон Долин

Кино дүйнөсүндөгү жаңылыктардан артта калбай, эл аралык кинофестивалдарды түшүнүп, учурда кайсыл кинонун терндде болуп жаткандыгы боюнча болжолдуу элестөөлөргө ээ болуу үчүн иштеп жаткан сынчыларды окуу маанилүү.  

Мында мен «Искусства кинодогу» Нина Цыркунду же GQдагы Елена Смолинде сунуштасам деле болмок, бирок бактыга жараша, он кишинин ишин бир аткарган киносынчы Антон Долин бар. Эгер анын «Афише-Daily» фестивалынан жазган рецензиялары менен күндөлүктөрүн окуп, мезгил-мезгили менен «Маяк» радиостанциясындагы сүйлөгөндөрүн угуп турсаңар, анда дүйнөлүк жана орусиялык кинематографиясында эмнелердин болуп жаткандыгынан кабардар болосуңар.

Башкы сүрөт катары австралиялык сүрөтчү Руперт Баннинин «Эртең мененки жай» эмгеги колдонулду.