1-июнда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан картошка киргизүүгө салынган тыюуну жойду. Коңшу өлкөнүн министрлиги мындай чечимге эки өлкө башчылары Нурсултан Назарбаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин келди.

1-июнда Казакстандын бийлиги кыргыз картошкасына салынган тыюуну алып салды. Казакстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Kloop.kgге курган маегинде тыюуну алууга казак президенти Нурсултан Назарбаев буйрук кылганын билдирди.

Кыргызстандын президентинин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков тыюуну алуу тапшырмасын Назарбаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жыйынында бергенгенин расмий билдирди. Айтымында, ал Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчү боюнча жасалган.

«Кечээ жыйында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тиешелүү органдарга кыргыз картошкасын киргизүүгө салынган тыюуну алуу тапшырмасын берди. Бул Казакстан лидеринин чоң саясий чечими, бул үчүн ага чексиз ыраазыбыз», — деп билдирди ал маалымат жыйынында.

Кыргызстандан картошка киргизүүгө салынган тыюу 4-апрелден тарта иштеп баштаган. Казакстандын Айыл чарба министрлиги тыюу салууну кыргыз  картошкасынан өсүмдүктөр менен айдоо аянттарына зыян келтире турган алтын түстүү нематода илдетинин табылгандыгы менен түшүндүргөн.

Анда Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Таалайбек Айткулов Казакстан тарабынан киргизилген тыюуну«ички рынокту коргоо жолу» катары кабыл алууга болорун билдирген.

«Нематода Казакстандын төрт облусунда бар: Алма-Ата, Жамбыл, Чыгыш-Казахстан жана Павлодар. Бул облустар толугу менен илдетке чалдыккан. Балким, алар мындай жол менен өз рыногун коргоп жатса керек», — деп билдирген ал  Kloop.kgге курган маегинде.

Автор: Бактыгуль Ракымбаева