11-июнда Бишкектен күндүн айланасындагы асан-үсөн шакекчесин байкоого мүмкүн болду. Астрономдор анын түндүк жаркырагы сыяктуу «гало» деген аталыштагы кубулуш экенин билдиришүүдө.

11-июнь күнү күндүз Бишкекте күндүн айланасындагы асан-үсөн шакекчелери байкалды. Социалдык түйүн колдонуучулары Кыргызстан үчүн адаттан тыш болгон кубулуштун сүрөттөрүн жарыялап башташты.

Астроном Вячеслав Плужников Kloop.kgге күндүн айланасында пайда болгон шакекче гало деп аталарын билдирди. Айтымында, анын пайда болушуна атмосферада суунун көп буулануусу себеп болот.

«Атмосферада суу буусу кыйла көп бууланганда ал кристаллдарга айланат, андан соң галону пайда кылат», — деди ал.

Астрономия мугалими Александра Шумейктин айтымында, бул кубулуш аномалдуу болуп эсептелбейт. Ал Kloop.kgге курган маегинде галонун пайда болушу аба ырайынын өзгөрүүсүн билдирбей тургандыгын айтты.

«Бул көрүнүш түндүк жаркырагы сыяктуу, аны күндүз да, түнчүндө да жылдын бардык мезгилдеринде байкоого болот. Суук мезгилдерде мындай шакекчелерди кол чырактарынын же лампалардын тегерегинен көрүүгө болот», — деди ал.

Шумейк гало кадимки асан-үсөндөн суудан эмес, а кристаллдардан пайда болгондугу менен айырмалана тургандыгын кошумчалады.

«Муз кристаллдары айланып, төмөн түшүп жана өз формасын өзгөртө алат. Эгер асан-үсөндө кызыл түс сырткы тарабында болсо, галодо ал борборуна жакыныраак жайгашкан. Галонун түсү күчтүү эмес, анда кызыл жана кызгылт сары гана түстөр бар, а асан-үсөндө бардык түстөрдү табууга болот. Асан-үсөндү артыңды күнгө каратып байкоого болот, а галону күндүн жанынан гана байкоого болот», — деди ал.

Посмотрите на солнце

A photo posted by Кыргызский юмор🇰🇬 (@bishpromogroup) on

#солночноегало#значитбудутдожди😆😆

Фото опубликовано Дилара (@dili1008)

А вы видели сегодня Гало́ ?(от др.-греч. ἅλως — круг, диск; также а́ура, нимб, орео́л) — оптический феномен, светящееся кольцо вокруг источника света. Гало обычно появляется вокруг Солнца и Луны, иногда вокруг других мощных источников света, таких как уличные огни. Существует множество типов гало и вызваны они преимущественно ледяными кристаллами в перистых облаках на высоте 5—10 км в верхних слоях тропосферы. Вид гало зависит от формы и расположения кристаллов. Отражённый и преломлённый ледяными кристаллами свет нередко разлагается в спектр, что делает гало похожим на радугу. Наиболее яркими и полноцветными бывают паргелии и зенитная дуга, менее яркими — касательные малого и большого гало. В малом 22-градусном гало различима только часть цветов спектра (от красного до жёлтого), остальная часть выглядит белой из-за многократного смешения преломленных лучей. Паргелический круг и ряд других дуг гало почти всегда белые. Интересна особенность большого 46-градусного гало — оно тусклое и малоцветное, в то время как почти совпадающая с ним при малой высоте Солнца над горизонтом верхняя касательная дуга имеет выраженные радужные цвета. Всем кто прочитал до конца респект 🖖🏻

A photo posted by ⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀T O P T A S H (@rbokeev) on

Гало солнца без меня🌞😉

A photo posted by M Y K T Y B E K M U K A E V (@myky_94) on

11.06.2015 #vbishkeke

A photo posted by DS (@rivelsall) on