Жогорку сот маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиевди «документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча актап, бирок «пара бергендиги» үчүн ага 500 миң сом айып пул салды.
Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиевдин иши боюнча сот отуруму 21-июнда болду. Жогорку сот Чакиевди актап, «кылмыштын курамынын жоктугунан» улам камактан чыгарды.
Чиновник документтерди жасалмалоого жана пара берүүгө айыпталган — тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылдын июлунда Чакиев чет өлкөлүк жаранга Туризмди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештин мүчөсүнүн жасалма күбөлүгүн берген, андан кийин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерин сатып алууга аракет кылган.
Чиновниктин жактоочусу Таалайбек Курманалиев Kloop.kgге курган маегинде жасалмалаган деп Чакиев айыпталып жаткан документ анын ээсине эч кандай укук бербей турганын, ошондуктан ал үчүн соттоого болбостугун билдирди.
«350-беренеде кандайдыр бир укук берген же милдеттерден бошото турган расмий документти жасалмалоо үчүн жазаланат. А коомдук кеңеш эч кандай укук бербейт жана милдеттерден бошотпойт», — деди жактоочу.
Соттун чечимине ылайык, Чакиев бир гана — «ири өлчөмдө пара берүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 500 миң сом айып салынып, камактан бошотулду.
Жактоочунун айтымында, жазаны белгилөөдө чиновниктин терс мүнөздөмөлөргө ээ болбогондугу да эске алынган.
«314-берене менен каралган «пара берүү» боюнча жазанын эки түрү бар: эркинен ажыратуу жана айып төлөтүү. Жазанын биринчи түрү күнөөлүү деп табылган адам ашынган кылмышкер эсептелип, терс мүнөздөмөгө ээ болгон учурда колдонулат, а Максат Чакиев терс мүнөздөмөгө ээ болбогондуктан улам ага карата айып пул төлөтүү жазасы колдонулду», — деди Курманалиев.
Укук коргоо органдары Чакиевди 2015-жылдын майында кармашкан. ИИМдин маалыматы боюнча, Чакиев Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлерине 92 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кармалган маалда Чакиев Маданият министринин алдындагы Туризм департаментинин башчысы кызматында министрдин орун басары даражасында иштеп жаткан. Ошондой эле ал Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу болгон.
2016-жылдын январында Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата катаал режимдеги абакка алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.