Телекомпаниянын кызматкерлери спорттук барлар футбол боюнча Европанын 2016-жылкы чемпионатынын оюндарын «мыйзамсыз» көрсөтүп жаткандыктарын билдиришүүдө. Айтымдарында, андай укук Кыргызстанда НТС жана КТРКда гана бар.

НТС телекомпаниясы Европа чемпионатынын беттештерин көрсөтүп жаткан спорттук барларды аныктоо үчүн рейддерди өткөрүп жатат. Компаниянын басма сөз кызматынан НТС андай барларды сотко бергени жатканын, анткени алар «көрсөтүүлөрдөн пайда көрүп», каналдардын «автордук укуктарын бузуп» жаткандыктарын билдиришти.

Алардын айтымдарында, Кыргызстанда Европа чемпионатын көрсөтүү укугуна эки гана канал ээ: НТС жана КТРК.

«Биздин юрист документтерди топтогондон кийин биз менен келишим түзбөгөндүгү үчүн ал барларга каршы жазылган доо арыздарды сотко беребиз. Алар [барлар] биздин автордук укуктарды бузуп жатышат», — деп билдиришти НТСтин басма сөз кызматынан.

Barclays спорттук барынын өкүлдөрү НТС компаниясынын кызматкерлери «рейд менен» келгенде беттештерди көрсөтүүгө алардын гана укуктары бар экендигин ырастаган документтерди көрсөтпөгөндүктөрүн билдиришти.

Barclaysтын өкүлдөрүнүн айтымдарында, алар өз кардарларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкан 200 кишинин 184ү футболду кыргыз каналдарды аркылуу эмес, а чет өлкөлүк каналдардан көргүлөрү келе тургандыктарын аныкташкан.

«НТС каналынын шарттарын кабыл алуу менен биз кардарларыбыздын 100 пайызынан кол жууп калуу тобокелдигине барабыз. Ал биздин имараттын ижара акысын, салыктарды, кызматкерлердин айлык акыларын төлөп берүү мүмкүндүгүбүзгө түздөн-түз таасир этет», — деп жазды Barclays «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына.

Юрист Жанабиль Давлетбаев каналдар спортбарлардын беттештерди коммерциялык максаттарда көрсөтүп жаткандыктарын далилдеши керек деп эсептейт.

«Эгер оюндар кабелдик телеберүү аркылуу көрсөтүлүп жатса, анда телеканалдар аларга [барларга] дооматтарын айтышы керек. Алар сыналгыны өчүрүп же коркутууга укуктуу эмес. Бардын ээси оюндарды коммерциялык максаттарда көрсөтпөй элес деп эсептесе, анда каналдын кызматкерлеринин талаптарынан баш тартууга укуктуу», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдил Эралиевдин айтымында, НТС компаниясынын дооматтары мыйзамдуу. Ал спортбарлардын ээлери телеканалдар менен келишим түзүп, белгилүү бир сумманы төлөп берүүлөрү керек болгонун айтты.

«Эгер Евро-2016ны көрсөтүү укугуна Кыргызстанда НТС менен КТРК гана ээ болсо, анда бул учурда барлар оюндарды көрсөтүүдөн пайда көрүп жатышат. Барларга автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн деп (мүлкүн) конфискациялоого чейин айып  салынышы мүмкүн», — деди ал.

Буга чейин Zanoza интернет порталынын журналисттери сотко НТСтен сырткары КТРКда кайрылганы жатканын билдиришкен. Бирок КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ал маалыматты четке какты.

«Биз кафелер менен барларды сотко бербейбиз. Бизде андай идея да болгон эмес. Биз кафелер менен алектенүүнү НТСке бергенбиз, рейддер менен ошолор алектенип жатышат», — деди ал.

Авторлор: Сезим Каныбекова, Бактыгүл Ракымбаева, Александра Капушенко