Үчүнчү шаардык оорукананын дарыгерлери баланын абалын оор деп баалап жатышат. Биринчи май райондук ИИБсинин маалыматы боюнча, окуяга сууга кулап кеткен баланы өз учурунда байкабай жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөгөн куткаруучулардын кайдыгерлиги себеп болгон.

Сегиз жашар бала «Тартуга» эс алуу борборундагы бассейнге 10-июль күнү күндүз, атасы ижарага алынган үйлөмө колго таккычтарды тапшыруу үчүн кеткен маалда кулап кеткен.

«Бөбөк алгач, бассейндин балдар сууга түшкөн жеринде эле болуптур. Атасы ижарага алган үйлөмө колго таккычтарды тапшырганы кеткен учурда, чоңдор сүзгөн жерге барып, сууга кулап түшүптүр. Ал жер бир топ эле терең болучу», — деп билдирген окуяга күбө болгон Бактыгүл Медербекова Sputnik агенттигине.

Анын айтымында, баланы борбордо эс алып жүргөн кыздардын бири байкап, аны жээкке алып чыккан. Ал окуя болгон маалда анда куткаруучулардын жок болгонун билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге атасы уулун ооруканага өз алдынча, тез жардам кызматынын унаасын күтпөстөн эле жеткиргенин билдиришти.

«Баланын абалы өтө оор. Учурда ал реанимацияда, тумчугуу жана мээ комасы катталды. Өпкөлөрдү жасалма вентиляциялоо аппаратында жатат. Дарыгерлер эч нерсе кыла албай жатышат, болгону ага байкоо салып, күтө туруу мүмкүндүгү калууда», — деп билдиришти мекемеден.

Биринчи май райондук ИИБсинин аты-жөнүн билдирбөөнү өтүнгөн кызматкери окуяга эс алуу борборунун куткаруучуларынын кайдыгерлиги жана ишбилги эместиги себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, куткаруучулар эс алуучуларга көз салып туруулары керек болчу жана зарыл учурларда алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү билүүлөрү шарт эле.

«Бул албетте, администрациясынын катасы. Алар иш тажрыйбасына ээ, өз ишин билген кызматкерлерди жалдашы керек болчу. Сөзсүз түрдө коопсуздук техникаларынын сакталган-сакталбагандыгы боюнча шаардагы бардык бассейндер текшерүүгө алынат», — деди ал.

«Тартуга» эл алуу борборунун өкүлдөрү администратору иш ордунда жок экенин билдиришип, окуя боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Автор: Анастасия Шевцова