Бишкектен алыс эмес жерде америкалык марафончу Дин Карнасис менен бирге сегиз чакырымдык чуркоого 50гө жакын адам катышты. Спортчу 525 чакырымдык ультрамарафонду багынтып, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү аркылуу чуркап өтүү ниетинде.

Чуркоо 8-июлда Чүй облусунун Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунан башталып, Бишкектин «түштүк дарбазасындагы» Жеңиш багында аяктады.

02-2

Чуркагандардын арасында 12 жаштагы жаш марафончу Бекжан Карымшаков да болду — ал 14-майда Ысык-Көлдө өткөн эл аралык Run The Silk Road марафонунда башка катышуучулар менен бирге 21 чакырым аралыкты чуркап өткөн.

03-2

IMG_0361

Карнасис Улуу Жибек жолунун байыркы каттамы менен — Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан аркылуу 525 чакырым ультрамарафон чуркап өтүү ниетинде.

04-2

43 жашында ал үч түн уктабастан 560 чакырымдык супермарафонду чуркап өткөн, а бир жылдан кийин Карнасис АКШнын ар бир штатында 50 күндүн ичинде 50 марафонду чуркап өткөн.