Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга алгачкы расмий сапары менен 13-июлда келет. Айрымдар аны Германиянын кыргыз коомчулугунун радикалдашуусунан кооптонуп жаткандыгы менен байланыштырышса, башкалары — экономикалык кызыкчылыктары менен байланыштырып жатышат.
Кыргызстанга келген жогорку кызматтагы алгачкы немис чиновниги өлкөнүн тышкы иштер министри жана ЕККУнун Европадагы башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер болгон. Ал Бишкекке марттын аягында келип, Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту талкуулоо үчүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.
Бир жарым айдан кийин Германиянын канцлери Ангела Меркель Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга келүүнү чечти. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, канцлер президент жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен гана эмес, а дин өкүлдөрү менен да жолугат.
Эксперттер Германиянын кызыгуусунун күчөгөнүн кыргыз коомчулугунун «радикалдашуу ыктымалдыгы» жана экономикалык кызыкчылыктар менен байланыштырышууда.
Аймактын радикалдашуусубу?
Саясат таануучу Марс Сариев коомдун радикалдашуусу сыяктуу Кыргызстандагы «терс окуялар» ыктымалдыктары Германияга таасир этиши мүмкүн деп эсептейт. Ал миграциялык каатчылыктардын себеби болгон Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү, ошондой эле Сириядагы абалдарды мисал катары келтирди.
ЕС Frontex агенттигинин маалыматы боюнча, акыркы кездери «Ислам мамлекети» тобу тарабынан уюштурулган теракттардын саны өскөн европалык өлкөлөрдө бир жарым миллион качкын бар.
«Германия АКШнын кичүү өнөктөшү катары жана коллективдүү Батыштын алдындагы өлкө катары анча-мынча болсо да демократиялык жол менен бара жаткан Борбордук Азиядагы жалгыз өлкөнү ислам экстремизми каптап кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатат. Ооганстандан келип жаткан коркунуч, ошол эле маалда өлкө ичинде уктап жаткан уячалар радикалдашып жатат, ошондуктан алар өтө кооптонуп жатышат», — деди Сариев Kloop.kgге курган маегинде.
Аналитик Марат Казакпаев дагы канцлердин келиши Сирияга кеткен кыргызстандыктардын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп божомолдоодо. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин акыркы маалыматтары боюнча, андагы кыргызстандыктардын саны 352ге жеткен, алардын 31 согуштук аракеттерден каза болушса, беши мекенине кайтып келишкен.
«Менимче, биринчи кезекте [Меркель] диний абал, улуттар аралык мамилелер менен таанышат. Албетте, кооптонуулар бар. Биз Азияда жайгашканбыз да, биздин канчалаган жарандарыбыз Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрүшөт», — деди Казакпаев.
Эл аралык толеранттуулук үчүн фонддун аналитиги Артур Букалаевдин пикиринде, Германия абалды туруксуздаштырып жибериши мүмкүн болгон күчтөрдү ордунда кармап турууна аракет кылууда.
«Акыркы окуялар бүгүнкү күндө Европада террористтик коркунучтар кыйла өскөнүн көрсөтүп жатат. Борбордук Азиянын башка аймактар менен катар эле Европага да туруксуз көрүнүштөрдү таратып, аларды потенциалдуу түрдө жеткирип турган туруксуз чекиттердин бири экени жашыруун эмес», — деди ал.
Экономикалык кызыкчылыктар
Марс Сариевдин пикиринде, Меркелдин сапары Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгып жаткандыгына да байланыштуу болушу мүмкүн. Ал Германия башка өлкөлөр менен, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрү менен да мамиле куруу чечимине келген болушу мүмкүн деп божомолдоодо.
«Германия Борбордук Азиядагы электр ресурстарына кызыкдар […] Кыргызстан аны пайдалуу жер алдындагы байлыктарга бай өлкө катары кызыктырууда. Аларды тоо кен тармагы, энергетика кызыктырып жатат. Алар тоо кен өнөр жайы тармагында да пайдауу сунуштарды караштырып жатышат», — деп белгиледи саясат таануучу.
Артур Букалаев дагы Германия өз кызыкчылыктарын көздөп жатат деп эсептейт, бирок анын пикиринде, алар азырынча калыптана элек.
«Өз кызыкчылыктарын белгилөө боюнча көптөгөн аракеттер болгон, акыркы беш жыл ичинде да андай аракеттер көрүлүп жатат. Меркелдин сапары Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүн кыдырып, бардыгын көрүп, өз көз карашын жаңылап, акыры бул аймактагы өз максаттарын калыптандырып көрүүгө байланыштуу болушу мүмкүн», — деди саясат таануучу.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы катары Германияга алгачкы жолу 2012-жылдын 11-декабрында барган. Анда ал Германиянын президенти Йоахим Гаук менен соода-экономикалык кызматташтык жана Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсү маселелерин талкуулаган.
«Мен үчүн европалык өлкөгө болгон алгачкы сапарымдын Германияга болушу маанилүү болгон, анткени Кыргызстан менен Германия парламенттик республикалар болуп эсептелишет жана жалпы баалуулуктарга ортоктош», — деген ал.
Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 3-февралынан бери уланып келет. Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2012-жылдын сентябрында, а Германиядагы кыргыз элчилиги 1995-жылдын январында ачылган.