Кыргыз тилин популярдуу кылуу жөнүндө кептер Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондун алгачкы күндөрүнөн бери эле айтылып келет. Бирок азырынча ал кептер эч кандай жыйынтыктарга алып келе элек.
Алгач бир аз фактыларды келтирейин:
1. Кыргыз тили популярдуулугу жагынан өнүгүп жатат, бирок этникалык кыргыз калкынын санынын өсүүсүнүн эсебинен гана;
2. Этникалык азчылык өкүлдөрүнөн кыргызча баарынан да өзбектер жакшы сүйлөшөт, өлкөдө жашаган калган улут өкүлдөрү бири-бири жана кыргыздар менен сүйлөшүүдө көбүнчө орус тилин колдонушат;
3. Бишкек көпчүлүк жагынан орус тилдүү шаар бойдон калуусун улантууда. Салыштырмалуу анда кыргыз тилин билбей туруп жашоо жеңилирээк, а орус тилин билбей жашоо — кыйла оор;
4. Өлкөдө кыргыз тилин билбеген же начар билген жүз миңдеген этникалык кыргыздар бар. Негизинен алардын көбү Бишкекте жашашат.
Чынында бул жөн гана ачык көрүнүп турган жана оңой далилденчү фактылардын констатациясы.
Бирок кыргыз тилинде фактылар менен бекемдөөгө кыйла оорураак болгон дагы бир нече көйгөйлөр бар жана менимче, алар бир топ олуттуураак жана маанилүүрөөк.
Кыйла олуттуу көйгөйлөр:
1. Кыргыз тилинде бүткүл дүйнөлүк билим байлыктарынын абдан көп бөлүгү жеткиликсиз. Алсак, кыргыз тилдүү өспүрүмдөр Жеймс Жойстун “Улиссин” (бул мүмкүн болгон миллиарддардан бир гана мисал) окуй алышпайт. Кыргыз тилдүү өспүрүмгө “Улиссти” окуу үчүн кеминде орусча үйрөнүүгө туура келет. Бул көйгөй өз артынан тизмедеги кийинки көйгөлөрдүн барын артынан ээрчитет.
2. Кыргыз тилиндеги материалдардын жетишсиздигинен улам ал тилдеги мектеп билим берүүсү бир топ аксап жатат. Ага мугалимдердин абдан төмөн айлыгын, ошондой эле даярдоонун жалпы деңгээлинин анча жогору эмес экенин кошкула. Эреже катары, орус тилдүү мектептерде абал кыйла жакшы — кеминде орус тилдүү материалдардын көптүгүнө байланыштуу, анын ичинде интернетте да жеткиликтүү экендигинен улам.
3. Жогоруда аталган эки фактордон улам, ошондой эле борбордун орус тилдүү экендигинен улам Бишкекте кыргыз тилинин «айылдын», «карапайым элдин» тили деген имиджи калыптанды. Кыргыз тилдүү интеллигенция 1970-жылдары эле орусташып кеткен. Дүйнөлүк маданий же илимий мурастардан кайсынысын болбосун кыргызчага которуу аракети анын кыргызча кандай күлкүлүү угулуп кала тургандыгы жөнүндөгү тамашалар менен кабыл алынат. Болгондо да көбүнчө кыргыздардын өзүлөрү тамашалашат.
Мен көптөн бери бул көйгөйлөрдү кантип чечүүгө болору жөнүндө ойлонуп келем. Ар бири өзүнүн уникалдуу «тил» тарыхына ээ болгон дүйнөнүн отуздан ашык өлкөсүн кыдырып чыккандан кийин мен бир катар жыйынтыктарга келип, аларды бирдиктүү бир текстке бириктирип жазууну чечтим.
Кыргыз тилине кантип жардам берүү керек?
1. Кыргызча билбегендерге асылууну токтотуу керек
Кыргыз тилин өнүктүрүүнү каалагандардын эң чоң катасы — бул көйгөйдү өлкөнүн орус тилдүү жашоочуларынан издөө.
Бул таптакыр туура эмес логика. Бүгүнкү күндө ал орус тилдүүлөрдүн кыргыз тилинен мындан да алыстоосуна алып келет.
Аны менен катар орус тили — бул шексиз колониялдык тил болгону менен бүгүнкү күндө ал жогорудагы көйгөйлөрдүн себептери болуп эсептелбейт. Ал эмес орус тилдүүлөрдүн бардыгын зордоп кыргыздаштыруу да таптакыр эч нерсени чечпейт.
Анткен менен тилекке каршы бул тилдин өнүгүшүнүн саясатчылар тарабынан көбүрөөк сунушталган ыкмасы. Жакынкы эле учур — кыргыз тилин билбегендиги үчүн теле алып баруучу Марина Кимди уяткарууга аракет кылган депутат Жанар Акаев.
«Бардыгы тең мамлекеттик тилди билиши керек» деген риторика — бул жапайы, ашынган оңчул сандырак. Ал XIX кылымда Европанын улутчулдук республикаларына, нацисттик Германия менен франкисттик Испанияга таандык болгон.
Кыргыз тилин өнүктүрүү менен биз эч ким аны билүүгө милдеттүү эмес экенин биротоло түшүнүп алышыбыз керек. Биз кыргыз тилин билбеген адамдар Жанар Акаевдин же дагы башка бирөөнүн тапшырмасы боюнча эмес, а өз эрки менен үйрөнүүнү каалагандай кылууга бардык аракеттерибизди көрүшүбүз керек.
2. Кыргыл тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү менен алектенүү зарыл
Кыргыз тилин өнүктүрүүнү каалагандар үчүн өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн ролдук медели болуп кала турган кыргыз тилдүү интеллигенцияны кайра жаратуу приоритет болушу керек.
Бардык аракеттерди, бардык инвестицияларды дал кыргыз тилдүү мектептерге багыттоо керек. Кыргыз тилдүү мыкты жазуучулардын, ойлоп табуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, физиктердин, программисттердин, космонавттардын мыкты мууну өсүп чыгышы үчүн.
Азыр билим берүүгө инвестиция салуунун эң пайдалуу инвестиция экенин түшүнгөн адамдар бар. Мисалы, мектептер түйүнү түрүндөгү «Билимкана» сыяктуу сонун мисал бар, анда балдарга сапаттуу, ошол эле маалда кыргыз тилинде да билим берилет.
Кийинки кадам — ал сыяктуу мектептик долбоорлордун көбүрөөк болуп, аларда окуунун баасы өлкөдөгү кыргыз тилдүү ар бир балага жеткиликтүү болушу керек.
Анан да билимдин дүйнөлүк байлыгын кыргыз тилинде жеткиликтүү кылып коюуга болот. Бирок кантип? Жообу кийинки пунктта.
3. Кыргыз-англис тилинде сүйлөгөн коштилдүүлөрдү тарбиялоо
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга мына ушулар жетишпей жатат!
Англис тили — бул эң алдыңкы билимдердин башкы булагы. Француз, кытай же немис тилдерин окуп жаткандар мени кечирип койгула, бирок жайылуусу менен пайдаланылган көп түрдүүлүгү жагынан ал тилдердин англис тилине жетүүсүнө дагы көп бар.
Кыргызстанда бир эле маалда кыргызча да, англисче да сүйлөгөн адамдар абдан аз. Бул канчалык парадоксалдуу угулбасын, бирок массалык түрдө англис тилин окуунун дал өзү кыргыз тилин өнүгүүнүн таптакыр жаңы деңгээлине жеткириши мүмкүн.
Нидерландиянын, Германиянын жана Финляндиянын сонун мисалы бар. (Чынында булдардан башка дагы мисалдар бар, бирок булар мага кыйла жагымдуураак.) Бул өлкөлөрдүн ар биринде англис тилдүү жашоочулардын пайыздык көрсөткүчү аябагандай чоң, тактап айтканда, кеп калктын көпчүлүк бөлүгү жөнүндө болууда.
Бул нидерланд, немис же финн тилдерине таптакыр зыян келтирген жок.
Бирок үч маанилүү нерсе болду:
а) ал өлкөдөгү балдар өзүнүн эне тилин гана билген учурларга салыштырмалуу азыр билимдин кыйла кеңири булактарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ;
б) билим алуунун жеткиликтүүлүгүнүн аркасы менен ал өлкөлөрдүн жашоочулары жалпы адамзаттык прогресстин алдыңкы катарында;
в) ал өлкөлөрдө англис тилин билүү деңгээли төмөн кездегиге караганда азыр кызыктуу маалыматтарды эне тилине которуп жаткан адамдардын саны бир топ көп.
Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн кыргыз тилдүү чөйрөдө дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына оңой эле тапшырып, мисалы, дүйнөлүк масштабдагы эң алдыңкы илимий изилдөөлөрдү башкара ала турган адамдарды тарбиялап өстүрүү керек. Бүгүнкү күндө англис тилин билбей туруп андай жетишкендиктерге жетишүү дээрлик мүмкүн эмес.
Ал адамдар кыргыз тилдүү маданиятка учурда ага жетишпей жаткан билимдин булактарын алып келишет. Мен кайталап жатканымды билем, бирок буга басым жасабай кое албайм.
4. Кыргыз тилинин өнүгүүсү жогору жактан эмес, а төмөнкү жактан башталышы керек
Качан кыргыз тилинин өнүгүүсүнө мамлекет же парламент киришкенде, алардын репрессивдүү жана реграссивдүү идеяларынан өксүп ыйлагың гана келет.
Кыргыз тилинин өнүгүшү биринчи кезекте кыргыз тилдүү коомчулуктун өзүнөн, анын ичинен башталышы керек. Ошондо гана баары ишке ашат.
Көйгөйдү чечүүнүн мен сунуштап жаткан ыкмалары анчалык деле көп каражатты талап кылбайт жана бүгүнкү күндө Кыргызстандын каржы мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээлинин чегинде. Анын баарына каалаган адам же топ акча тарта алат. Болгону аны баштоо гана керек!
***
Аягында мага абдан катуу таасир эткен ролдук моделдин эки мисалы жөнүндө айтып кетким келүүдө.
Ушул жылдын апрелинде мен Стумбулдагы TEDxке катыштым. Анда түркиялык илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын мыктылары чогулган.
Мен түрк тилин билбегендиктен алардын сүйлөгөндөрү мага түшүнүксүз болгон, ошондуктан мен алардын сөздөрүн англис тилиндеги синхрондук котормосу аркылуу уктум. Анан күтүүсүздөн кулакчын иштебей калды да мен алардын сөздөрүнүн англис тилдеги котормосун уга албай калдым.
Ошол маалда сахнада Кэмбридж университетинин физика боюнча профессору Мете Ататүре сүйлөп жаткан. Аягында ал менин жакшы тааным болуп калды.
Метени түрк тилинде угуп жатып баарынан да мен физиктин «Жарык кылычын кантип куруу керек?» деген темадагы сөздөрүн кулагыма тааныш кыргыз тилинде да кезиге турган сөздөр менен угуп жатканыма таң калганымды түшүндүм.
Метенин сүйлөгөн сөздөрүн өзүңөр угуп көрсөңөр:
Мына, мен ушул жөнүндө кыялданам. Шарттуу Кэмбриджде ушундай эле жеңилдик менен ойлоп табуу үчүн керектүү болгон эң мыкты идеялар тууралуу айтып берген кыргыз тилдүү физик профессорлордун болушун каалайм.
Же мына, ошол эле иш-чарадан дагы бир мисал — сүт бездеринин рагынан улам эмчегин жоготкон аялдар үчүн имплантанттарды иштеп чыгып жаткан Озге Акбулут:
Изилдөөлөрү менен бүткүл дүйнө жүзү пайдалаган бул сыяктуу нерселерди кыргыз тилинде, мисалы, Нарын облусунан чыккан кыздан уксам деп аябай кыялданам.
Мете дагы, Озге дагы дүйнөнүн эң идеалдуу эмес өлкөлөрүнүн биринде чоңоюшкан — Түркия тил жактан азчылыктар аябагандай чоң басмырлоолорго дуушар болуп, а «Бардыгы түркчө билиши керек» деген риторика айрым популярдуу партиялардын дээрлик урааны эсептелген жерлердин бири болгон.
Бирок эгер конкреттүү бул эки адам жөнүндө айтсам, алар өз билимдерин мисалы, күрттөрдүн түркчө сүйлөп жаткан-жатпагандыгына кыйшактабастан алышкан. (Мен муну билем, анткени алардын экөөсү менен тең жеке таанышмын.)
Андан да маанилүү нерсе, Мете менен Озгенин бала кезинен баштап англис тилин окугандыгы. Бул аларга дүйнөгө карай кетчү жолду ачкан, эми азыр алар өздөрүнүн алган билимдерин түрк тилдүү чөйрөгө жеткирип жатышат.
Балким, эгер кимдир бирөө өз каалоосу менен түрк тилин үйрөнүүнү кааласа, анда биринчи кезекте дал ушулар сыяктуу адамдардан улам болот.
Менин эмнени айткым келип жатканын түшүндүңөрбү? Кыргыз тилдүү Мете менен Озгенин пайда болушу үчүн кыргыз тилин мына ушинтип өнүктүрүү керек.
Андан кийин гана кыргыз тилин орус тилдүүлөр менен чет өлкөлүктөрдүн арасында популярдаштыруу жөнүндө ойлонууга болот.
Бирок эгер биздин өзүбүздүн Мете менен Озгебиз бар болсо, анда популярдаштыруу өзүнөн өзү эле башталат жана ал үчүн эч кимдин күч жумшоосу талап кылынбайт.
Азырынча менде ушул.
Сүрөт: turmush.kg