«Кайран элим, кайда баратабыз?» — паранжа жана хиджаб кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү тартылып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнө илинген жарнактарда дал ушундай жазуулар жазылган. Кийинчерээк Кыргызстандын президенти андай жарнактарды өлкөнүн бардык аймагына илип чыгууну тапшырды. Бул «араб модасына» каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтеринин алгачкы демилгеси эмес.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери өз жарандарынын кандай кийиниши керектиги боюнча кеңештерин беришип, мода маселелеринде эксперттер катары пикирлерин билдирүүгө кыйла көп аракет кылышат.
Сунуштар президенттер, депутаттар, чиновниктер, жогорку окуу жайларынын окутуучулары тараптан айтылат — алардын бардыгын тең элдин, өзгөчө аялдардын кандай кийинүүсү керектиги тынчсыздандырат.
Адатта андай сунуштар өтө эле жабык болгон «араб» кийимдеринен же өтө ачык болгон кыска юбка сыяктуу күнүмдүк кийимдерден баш тартып, улуттук кийимдерге басым жасоо керек деген сунуштарга алып барат.
Кыргызстанда кийимдер жөнүндө президент Алмазбек Атамбаевдин өзү пикирин көп билдирет — жакында эле өткөн маалымат жыйынында ал өлкөнүн өз кийими менен тили болушу керектигин билдирди.
«Келгиле араб, пакистан, бангладеш жана башка маданияттарды кыргыз маданияты менен аралаштырбайлы. Биздин өзүбүздүн кийимибиз менен тилибиз бар. Эмнеге «адал» сөзүнүн ордуна «халал» дешибиз керек? Мен Куранды бир нече жолу окугам, бизге жат маданият менен тилди таңуулоонун кереги жок», — деген ал.
Кыргызстандагы талаш жараткан жарнактар
Атамбаев паранжа жана хиджаб кийген кыз-келиндердин сүрөтүнүн алдына «Кайран эл, кайда баратабыз?» деген жазуулар жазылып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнө илинген жарнактардын идеясын колдогон.
Анын пикиринде, демилгеде жаман эч нерсе жок — президент андай жарнактарды Кыргызстандын бардык аймактарына илүүнү тапшырган.
Бирок ал жарнактар кыргызстандыктардын арасында кызуу талаш-тартыштардын жаралышына себеп болду. Алар социалдык түйүндөрдө акцияны колдогондор жана ага каршы болгондор болуп эки жаата бөлүнүштү.
Президенттин өзү кийимдердин светтик жана улуттук формаларын кармана тургандыгын жана «мусулман кийими» деген терминди кабыл албастыгын» бир канча жолу билдирген.
2015-жылдын февралында Атамбаевдин администрациясы ата-энелердин өз балдарына хиджаб кийүүнү таңуулабашын талап кылган райондук билим берүү бөлүмүнүн чиновнигин колдогон.
«Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таңуулабагыла деп талап кылган аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз», — деп билдирген Атамбаевдин басма сөз кызматы 2015-жылдын башында.
Президенттин «мусулман кийимдери» менен күрөшү укук коргоочулар тараптан каршылыктарды жаратып келет — анда «Мутакалим» уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы «Азаттык» радиосуна курган маегинде Атамбаевдин айткандарынын максаты туура экенин, бирок ал Конституциядагы дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү жобого каршы келбеши керектигин билдирген.
«Мектепке атайын өзүнүн формасын кийишибиз керек. Бирок ал да Конституцияга карама-каршы келбеши керек, адамдардын дин эркиндигин колдоо зарыл. Форма деп эле аны бизнеске да айланткан туура эмес. Хижаб маселесин мектепке аралаштырбоо керек. Балакатка жеткен, 6-7-класста окуган кыздар узун юбка, ак кофта кийип, башына ак жоолугун салынып алса болот», — деген укук коргоочу.
Назарбаев: Хиджабдар — бул «орто кылымга карай» жол
Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнүн президенттери да «көндүм эмес» кийимдерге карата каршы пикирлерин айтышкан — Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев «паранжаларга таптакыр каршы» экенин билдирген.
«Биздин тарыхыбызда мындай таптакыр болгон эмес, биздин дин андай салттарга ээ эмес болгон. Чыныгы дин менен бизге таңууланган динди айырмалай билүүбүз керек. Биз мусулманчылыктын бардык өкүлдөрүнө сый-урмат менен мамиле кылабыз, бирок биздин өз жолубуз бар», — деп билдирген Назарбаев 2011-жылдын мартында.
Андан соң ал өз партиясынын жаштар канатынын 2012-жылдын ноябрында өткөн съездинде ошол эле мааниде билдирүү жасаган — анда Назарбаев казак аялдарын араб кийимдерин кийбөөгө чакырган.
Жалпысынан Казакстандын бийлиги өз элин хиджаб менен паранжанын өлкө жарандары үчүн ылайыксыз кийим экенине ишендирүүгө аракет кылып келет.
Алсак, 2016-жылдын мартында Казакстандын Билим берүү министрлиги мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салып, аны билим берүүдө светтик стандарттардын болушу керектиги менен түшүндүргөн.
Казак мектептериндеги хиджабдарга каршы болгондордун тарабына Казакстандын Дин иштери боюнча агенттиги да өтүп, анын өкүлү «Тенгриньюз» басылмасына курган маегинде хиджабдын «орто кылымга карата» жол экендиги жөнүндөгү Назарбаевдин айткандарын кайталаган.
«Сөздүктөргө бай казак тилинде «хиджаб» деген түшүнүк жок. Казак кыздары дайыма эркин болуп, беттерин жабышкан эмес, үйдөн чыкпай отурушчу эмес. Казактар кыздарга өзгөчө сый мамиле кылышкан. Бала кезинен токтоолук, сабырдуулук жана тарбиялуулук сыяктуу сапаттарга үйрөнүшкөн. Ал сапаттар алардын мүнөздөрүндө гана эмес, а кийимдеринде да болгон, бирок ошол эле маалда алар хиджаб кийишкен эмес», — деп жазган басылма агентттиктин өкүлүнүн айткандарын.
Казакстандын муфтияты хиджабдардын айланасындагы Назарбаев тарабынан колдоого алынып жаткан көз караш боюнча талаш-тартышка түшкөн эмес, бирок ага чейин Мусулмандар дин башкармалыгы «хиджабга карата мусулмандарга кысым көрсөтүүгө» каршы пикирин билдирген.
«Буга байланыштуу Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы хиджабдарга карата мусулмандарга кысым көрсөтүүнү жөнсүз деп эсептейт, анткени алардын укуктары мыйзам менен корголгон. Биринчи кезекте бул жумуш берүүчүлөр менен окуу жайлардын жетекчилери тараптан жасалып жаткан кысымдарга тиешелүү экенин белгилейбиз», — деп билдирген муфтият 2013-жылдын мартында.
Тажикстан: Сакалдар менен хиджабга каршы күрөш
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы улуттук салттарды «араб» модасына карама-каршы койгон — 2010-жылы Тажик Улуттук университетинин студенттери менен болгон жолугушуусунда ал борбордун көчөлөрүндө хиджаб кийген аялдар менен кыздарды көп көрө баштагандыгын айтып, ал боюнча өкүнүчүн билдирген.
Андан соң ал 2015-жылдын күзүндө өлкөнүн анча чоң эмес Куляб шаарынын кыздарын хиджаб кийесиңер деп сынга алган — анын андагы сөздөрү дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө экстремисттик деп табылган «Ислам мамлекети» уюму тарабынан жаралып жаткан коркунучтардын контекстине байланыштуу айтылган.
«Эмнеге жат нерселерди туурап жатасыңар? Эгер сатр менен хиджаб кийип алсаңар силерге бейиштин эшиги ачылат деп ойлоп атасыңарбы? Күнөөлөрүңөр кечирилет деп ойлойсуңарбы? Андан көрө атаңар менен апаңардын тилин алгыла», — деген президент.
Тажикстанда бийлик эл алдында «араб» кийимин айыптагандан сырткары башка ыкмаларды да пайдаланышат.
Мисалы, базарларда рейддерди өткөрүп, хиджаб саткандардан товарларын текчелерге койбошун же алар менен таптакыр эле соода кылбашын талап кылышат; же телеканалдар аркылуу секс жумушчулары араб кийимдери менен көбүрөөк кардарларды тарта тургандыктарын айткан сюжеттерди көрсөтүшөт.
«Араб» кийими менен хиджабдар тажик бийлигинин радикализмге каршы күрөшүүдөгү жалгыз бутасы эмес — 2015-жылдын май айынан тарта полиция сакалчан кишилерди кармап, сакалын алууга мажбурлай баштаган.
Бийликтин хиджабдар жана сакалдар менен күрөшүнө каршылык көрсөтүүгө аракет кылган жалгыз күч Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы болгон — ал дин адамдарынын укуктары кемсинтилип жатканын жана аларды куугунтуктоону токтотуу керектигин айтып бийликке даттанган.
«Биздин партия көптөгөн жылдар бою басым жасоо объектиси болуп келген. Эми өлкөдө сакал коюп, хиджаб кийип жүргөн дин адамдарын куугунтуктап жатышат. Андай аракеттер сөз эркиндигин, дин тутуу эркиндигин кепилдеген өлкөнүн башкы мыйзамына каршы келет», — деп жазган Би-би-си партиянын биринчи орун басары Саидумар Хусайнинин айткандарын.
Кийинчерээк Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы бийлик тарабынан террористтик уюм деп табылып, анын жетекчилерине каршы төңкөрүш жасоо аракети үчүн деп кылмыш ишин козгогон. Партиянын мүчөлөрү ал айыптарды четке кагышкан.
Өзбекстан: Хиджаб кийгендердин тизмеси
2015-жылдын декабрында «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы өлкө бийлиги кийим кийүүнүн эрежелерин карманбаган аялдардын атайын тизмесин түзүп жатканын билдирген.
Алар хиджаб кийүүнүн эрежелерине да тиешелүү болгон — аялдардын жоолук салынуусуна тыюу салынып, эгер алар аны чечүүдөн баш тартса полиция аларды тизмеге киргизип, кол коюуларын өтүнгөн.
«Азаттыкка» билдиришкендей, андай тизмелер ал аялдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, «жоолуктарын өзбектин улуттук салттарына ылайык артына байлоого» көндүрүү үчүн түзүлгөн.
Ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, ал аялдарга карата басым жасоо же куугунтукка алуу аракеттери азырынча байкала элек. Икрамов хиджаб кийген өзбек аялдарынын тизмеси ички иштер органдарында топтоло турганын айткан.
«Бизде хиджаб кийген аялдарды махалля комитеттерине чакырып жаткандыктары жөнүндөгү маалыматтар бар, бирок аларга басым жасалып жаткандыгы боюнча маалыматтар жок. Аларды чакырып, тизмеге киргизип, эскертүү берип, андан кийин андай аялдардын бар экендиги жөнүндөгү отчетторду жогорку органдарга жөнөтүшөт. Бул «Ислам мамлекетине» каршы күрөшүүнүн алкагында жасалууда. Анын баары бир өнөктүктүн алкагында жүрүп жатат», — деп жазган «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Икрамовдун айткандарын.
Мурдараак басылма Өзбекстан бийлигинин хиджаб кийген аялдарга каршы өнөктүгү жөнүндө билдирген — өткөн жылдын июнунда жоолуктарын чечүүдөн жана башкача байлоодон баш тарткан аялдар камакка алынып жаткан.
«Аларды кармап, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алып барып жатышат. Хиджабын дароо эле чечүүгө макул болгондор менен маек өткөрүп, кое беришет. Ал эми башындагы жоолугун чечүүдөн баш тарткандарды бөлүмдөрдө көбүрөөк кармашат, алар менен терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери сүйлөшүшөт. Жакындарын – күйөөсүн же атасын чакырышат. Кийин үйлөрүнө чатак менен кое беришет», — деп билдирген басылманын булагы.
Сүрөттүн булагы: Азаттык, Deutsche Welle, Em and Ernie/Flickr