Бишкек шаарынын тургундары үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна жардамга муктаж 30 балага мектепке керектүү кийим жана буюмдарды алып беришти.
Кайрымдуулукка багытталган үлпөт Жал кичи районундагы жаңы салынган Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинин алдында 29-июлда болду. Жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлар сейилдөөнүн ордуна жардамга муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам берүүнү чечкен.
Той ээси Азат Аманов мындай кадамга баруу менен ата-бабалардын салтынан кайтпаганын, ашыкча пайда болуп жаткан чыгымдардан баш тартып жатканын айтат.
«Биринчиден кыргыздын салттарында той деген нерсе бар, той деген бул жакшы нерсе. Тойду биз жойгон жокпуз. Досторубузду, туугандарыбызды, кошуналарды тамак берип чакырып атабыз. Той берүү биздин ата-бабабыздан калган салтыбыз — бул бата алуу. Бирок биз жанакы лимузин, арак, музыка, ысырапчылыкты жоюп атабыз», — дейт ал.
Жубайлар мектепке даяранып жаткан 30 балага жардам беришкен. Балдардын ар бирине үч миң сомдун тегерегинде акча кеткенин айтышат. Балдардын тизмесин алар Социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу такташкан.
Үйлөнүү тоюна Аламүдүн районунун тургуну Салимбек Бакиров беш баласынын экөөсүнө мектепке керектүү кийим-буюмдарды алганы келген.
«Ошол кайрымдуулук жасаган жаштарга бакыт тилейбиз. Менде деле беш балам бар, үчөө окуйт. Мына экөөнө жардам болду. Ушундай жигиттер көп болсун бизде, Кыргызыстанда», — деген тилегин айтты Бакиров.
Авторлор: Нурислам Жанибеков, Өмүрбек Нурматов