Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Уюштуруучулар ачылыш жана жабылыш аземинде дронго тыюу салышты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш жана жабылыш аземин тартууда дронду пайдаланууга тыюу салынышын уюштуруучулар «туристтердин, коноктордун жана спортчулардын коопсуздугуна» кам көрүү деп түшүндүрүштү.

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча катчылыктын жетекчиси Нурдин Султамбаев дрондорду колдонууга тыюу салынышы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылышында жана жабылышында – 3 жана 8-сентябрда аракетке кирээрин Kloop.kgге айтты. Башка күндөрү – 4-7-сентябрга чейин дрон менен тартууга уруксат берилет.

Султамбаевдин айтымында, мындай чечим «кокустан болгон кырсыктарды алдын алуу» үчүн кабыл алынган.

«Биз туристтердин, коноктордун жана спортчулардын коопсуздугу үчүн жоопкербиз. Бул деген техника да, күтүүсүз кулап кетиши мүмкүн», — деди ал.

Катчылыктын жетекчиси санкцияланбаган учуулар жана тартып алуулар жүз берсе, 400 метр аралыгында иштеген анти-дрондук техникалар аппараттарды лазер менен согуп түшүрөрүн кошумчалады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык учурунда да 28-августтан 2-сентябрга чейин оюндар өтө турган баардык объектилерде дрондор менен тартууга тыюу салынат.

Медиа Полиси институтунун юристи Алтынай Исаева журналисттин ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дрондун жардамы менен маалыматты чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүнүн толук укугу бар деп эсептейт.

«Журналисттердин укугун эч ким чектебеши керек, өзгөчө аккредитациядан өткөндөрдүкүн (окуяны чагылдыруу үчүн). Журналисттер көңүл ачуу эмес, окуяны чагылдыруу үчүн тартышат. Журналисттердин дрон менен тартуусуна тыюу салган мыйзам жок», — деди ал.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентярбда өтөт.

Оюнга 19 өлкөнүн спортчулары катышат: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индонезия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Монголия, Пакистан, Перу, Орусия, Словакия, АКШ, Түркмөнстан жана Эквадор.

Маданият министрлигинин туризм департаментинин маалыматы боюнча иш чарага британ, түрк, кытай жана америкалык ЖМКнын өкүлдөрү келет.

Автор: Зияра Асылбекова