Kloop.kgнин сурамжылоосуна катышкан оштук өспүрүмдөрдүн айтуусу боюнча мектеп мугалимдери контрацепциянын ыкмалары жана аборт жөнүндө окуучуларга эч нерсе айтышпайт. Алардын айтусунда, мугалим «уялат», ошондуктан мындай билимди окуучулар улуу «курдаштарынан» алышат.
17 жаштагы Үмүтай өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан, аянты боюнча Кыргызстандагы экинчи чоң шаар — Ошто жашайт. Сентябрда ал жергиликтүү мектепте 11-класска барат. Жыл бою жыйынтыктоочу экзамендерге даярдык көрөт.
Үч ай мурун Үмүтай жашоосундагы эң олуттуу абалга дуушар болду – ал өзү менен бирге окуган досунан боюна бүткөн.
Үч күн бою түгөйлөр Үмүтайдын ичиндеги баланын келечегин чечүүнү ойлонушкан. Жыйынтыгында аборт жасоону туура көрүшкөн, анткени эки өспүрүмдүн тең келечек пландары чоң эле: ЖОЖдон билим алуу, саякаттоо, иштөө. Алардын учурдагы келечек ойлорунда ымыркайга орун жок эле.
«[…] Мен ата-энемдин үмүтүн актабай калуудан, алардын менден баш тартуусунан, аларды уяткаруудан абдан корктум. Өзүмдүн келечегимди ойлодум, эгер бала менен болсом мектепти аяктап, университетке тапшырып, иштеп, ата-энемдин сыймыгы боло алмак эмесмин. Өз келечегим үчүн корктум, а ымыркайдын келечегин ойлобоптурмун», — дейт ал.
Жаш түйгөйлөр ата-энелерине айтпастан аборт жасатуунун жолдорун издешкен. Үмүтайдын айтуусу боюнча алар боюнан түшүрүү үчүн атайын дары берген жеке клиниканын дарыгерине кайрылышкан. Дарыгердин кызматына жана дарыга деген акчаны төлөө үчүн кыздын жигити өзүнүн акыркы моделдеги уюлдук телефонун сатууга мажбур болгон.
Бир нече күндөн кийин окуучу кыз кансырай баштагандыктан жигити менен клиникага барышкан. Ал жактан Үмүтайга толугу менен аборт жасалган.
Азыр, үч айдан кийин Үмүтай өзүнүн тандоосунун туура болгондугунан күмөндөнөт. Кезинде аборт жасаткан кыздар тууралуу видеону көрүп, абдан сындаганын эстеген өспүрүм алардын ордунда өзү болуп калганын айтат.
«Менин башымда экиленген ой болуп жатты, күндө эмне кылыш керек, кантем деген суроолор тынчымды алды. Өзүмчө: “өз баламды өлтүргөндөй мен өлтүргүч эмесмин да” деп жаттым, бирок ошол эле учурда ата-энемди ойлодум. Алар мен үчүн канча нерсени жасашты, мага ишеништи. Башкалардын эмне дээри дагы мени тынчсыздандырды, менин катачылыгым үчүн ата-энемдин жек көрүндү болушун каалабадым», — деди ал.
Кыздын айтуусу боюнча ал контрацепция тууралуу билген, бирок бир жолкусунда түгөйлөр сактанган эмес. Ал «бир күндө [презервативсиз] боюна бүтүп каларын күткөн эмес».
«Мугалимдер бул тууралуу маек куруудан уялат»
Үмүтайдын окуясында, контрацепция жана аборт тууралуу билген кыздын боюна бүткөн. Бирок оштук окуучулардын бардыгы эле мындай билимге ээ эмес.
Kloop.kgнин сурамжылоосуна катышкан Оштун мектептериндеги жогорку класстын окуучулары сабакта контрацепция жана аборт тууралуу айтылбай тургандыгын белгилешти. Бул жөнүндө алар тааныштарынан, улуу досторунан жана интернеттеги булактардан маалымат алышат.
«Бизде мындай темалар жада калса козголбойт. Мугалимдер ал тууралуу айтуудан уялышат. Мунун баарын достор арасында талкууга алып, жаңы нерселерди билебиз. Аборт тууралуу, өздөрү кабылып көргөн братандарыбыз айтып берет», — дейт Макаренко атындагы мектептин 9-классынын окуучусу.
«Жок, бизге бул тууралуу айтышпайт. Айрым учурда келген практиканттар бул теманын үстүндө биз менен маектешүү жүргүзүшөт. Бирок мектеп мугалимдеринин контрацепциянын ыкмалары тууралуу сабак өтүү ойлорунда жок», — дейт Панфилов атындагы мектептин окуучусу.
Сурамжылоого катышкан окуучулардын бир бөлүгү контрацепция жана аборт темасын талкулоо «менталитетке туура келбейт» деп эсептешет, алар «бул тема жөнүндө сүйлөш уят да» деп , өздөрүнүн пикирин билдирүүдөн баш тартышты.
«Жок, [мектепте контрацепция темасы боюнча талкуу] болгон эмес. Оштун мугалимдери үчүн бул уят нерсе», — дейт Киров атындагы мектептин онунчу классынын окуучу.
Билимдин жетишсиздиги
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2014-жылы жашы жыйырмадан кичүү 1975 кыз аборт жасаткан. Такталган маалыматтар боюнча, бул аборт жасатуунун бир жылдык санынын 8 пайызын түзөт.
Кыргызстан эгемендик алган жылдан бери тинейджерлер арасындагы аборттун саны жалпысынын төмөндөгөн, бирок жылына 1975 аборт жасалуусу акыркы 10 жылдыктын ичинен эң жогорку көрсөткүч.
«Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын» аткаруучу директору Галина Чиркинанын айтымында, күтүүсүз бойго бүтүүнүн негизги себеби — бул контрацепциянын ыкмалары тууралуу билимдин жоктугунда. Анын ою боюнча мектеп, бейөкмөт уюмдар окуучуларга коопсуз карым-катнаш тууралуу айытып бериши керек.
«Мектептерде астрономия жана физика сабагын жакшы окутушат. Бирок бул багыттагы билим жашоодо өзгөчө колдонулбайт. Ал эми адамдын өнүгүүсү, аны менен катар коопсуз карым-катнаш тууралуу түшүнүктөрү жокко эсе», — дейт ал.
Чиркина бул багыттагы агартуучулук иштери оң натыйжага алып келет деп эсептейт. Анын айтымында, өспүрүмдөр тийиштүү адистерге өздөрү келип, гинекологдордон консультацияларды ала башташты.
«Өспүрүмдөрдүн өзүнүн боюна бүткөнүн жашырбай, профессионал эместерге кайрылып, аборт жасатпаганы кубандырат. Бизге кош бойлуу өспүрүмдөр ата-энеси менен келген учурлар болгон», — дейт ал.
Альянстын эсеби боюнча өспүрүм жаштагы кыздар арасындагы аборт жасатуулардын саны кош бойлуулугун сактап калгандарга барабар. Чиркинанын айтканына караганда, учурда боюна бүткөндөрдүн баласын сактап калуу тенденциясы байкалууда.
Боюна бүткөнүн жашырышкан
Жыйырма жаштагы Мээрим 16 жашында 9-класста окуп жаткан кезинде төрөгөн. Ал Үмүт сыяктуу өзүнүн курбусунан боюнан бүтүп, муну уккан баланын атасы андан кача баштаган.
«Башында баары жакшы эле болуп жаткан. Мен бойго бүтүрүүгө каршы дары ичип жаттым, биз аны дарыгердин көрсөтмөсүсүз сатып алган элек. Мен дарыны күнүгө ичип жаттым. Бир күнү алар түгөнүп калды, бир таблетканы ичпей коюп боюма бүтүп калат деп ойлобогом. Анткени буга чейин күнүгө ичип аттым да. Бирок мындай болуп калды», — дейт ал.
Өспүрүм кыз боюна бүткөнүн ата-энесине айтып, алар менен биргеликте баланы сактап калууну чечишкен. Ата-энеси кызды айылга алып барышкан, ал жактан көз жаргандан кийин тааныштарга төрөлгөн уулдун Мээримдин иниси деп айтышкан.
«Ата-энем мени камкордукка алды. Ошондо алардын мени таштап кетишпесин, эмне болгон күндө да өз баласын эч нерсеге карабастан жакшы көрүшөрүн түшүндүм. Көз жаргандан кийин биз үйгө келдик, апам ымыркай анын баласы экенин баарына айтып жатты, а мен окуумду уланттым», — дейт ал.
Канча бир убакыт өткөндөн кийин көргүсү келбеген баласынын атасы пайда болду. Анткени ал баласына камкор болууну, тарбиялоого жардам берүүнү каалаган. Ошондуктан Мээрим ата-энеси менен кеңешип, атасынын баласы менен көрүшүүсүнө макул болгон.
«Мен окуумду аяктадым. Албетте кыйынчылыктар болду, ага өзүм күнөөлүмүн да. Ал учурда мага ата-энем чоң жардам көрсөттү, мен аларга ыраазымын», — деди жаш кыз.
Автор: Сайкал Ниязова
Сүрөттөр иллюстрациялык мүнөзгө ээ. Булак: Zanoza.kg, Eurasianet