Кыргызстандык оор атлетчи, Азиянын учурдагы чемпиону Иззат Артыков Олимпиада оюндарында коло байгеге татыктуу болду.
Спортчу А тобунда, 69 килограмм салмакта күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгы боюнча булкуп көтөрүүдө ал 151 килограмм көрсөткүчү менен бешинчи орунда болсо, андан кийин түртүп көтөрүүдө Артыков биринчи аракетинде 181 килограмм салмактагы штанганы көтөргөн.
Экинчи жолку аракетинде кыргызстандык өлкөнүн түртүп көтөрүү боюнча рекордун кайталап, 188 килограмм салмактагы штанганы багындырган.
Акыркы аракетинде спортчу 196 килограммдык штанганы көтөрмөк, бирок, салмакты багындыра алган эмес. Ага карабастан жалпы 339 килограмм көрсөткүчү Иззаттын мыктылардын үчилтигине киришине шарт түзгөн. Ал эми алтынды Кытайдын өкүлү жеңсе, күмүш Түркия спортчусуна буюрду.
Жакынкы күндөрдө, тактап айтканда 12-августта олимп тактысы үчүн, кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий жана жеңил атлетчи Дарья Маслова мелдешишет.
Автор: Каминат Имирханова