Кыргызстан Рио-2016да: Сүзүүчү Петрашов медалга болгон мелдештен четтетилди

200 метр аралгында брасс менен жарышка түшкөн 16 жаштагы кыргызстандык жарым финалга өтө алган жок. Ал 2 мүнөт 16.57 секунд убактысын көрсөтүп, жыйынтыгында 38-орунду ээлеген.

Биринчи орундан жарым финалга 2 мүнөт 07.93 секунд көрсөткүчү менен Орусиянын өкүлү Антон Чупков өткөн.  

Денис Петрашов жарышка алгачкылардан болуп түшкөн. Жарым финалга чыгуу үчүн сүзүүчү мыкты убакытты көрсөткөн 16 спортчунун катарына кириши керек болчу.  

Спортчу үчүн Риодогу Олимпиада оюну – биринчиси. 2015-жылы Азия чемпиондугунда Петрашов беш мыкты сүзүүчүнүн катарына кирген.

Денис Олимпиададагы мелдешин аяктаган бешинчи кыргызстандык. Мелдештен дзюдочу Отар Бестаев, мушкер Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сүзүүчү Дарья Таланова түшкөн.

Бүгүн бейге үчүн Кыргызстан курама командасынын дагы бир өкүлү – оор атлетчи Иззат Артыков күрөшөт.

Автор: Каминат Имирханова