«Орун которуулар көзөмөлдөнбөйт». Ички миграция тууралуу мыйзам керекпи?

Ички мигранттардын катталуусу жөнүндөгү мыйзам Кыргызстанда 15 жылдан бери бар, бирок жарандардын орун которуусун көзөмөлдөгөн механизмдер жок.  

Кундуз Замирбекова Ысык-Көл облусунда катталган, бирок Бишкекте жашаганына беш жылдын жүзү болду. Ал 2012-жылы Түптөн келип, окууга тапшырган. Бул убакыт аралыгында ал ички миграция жөнүндөгү мыйзамдын бар экенин билген эмес, ошондуктан катталуу процессинен өткөң эмес. Мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү дагы ага мындай талапты койгон эмес.

«А эмне, мен каталышым керекпи? Катталуудан өтүүнүн мага эмне кереги бар, эгер анын пайдасы жок болсо. Мамлекеттик жана башка тейлөөлөрдү катталбай эле, кадимкидей алам», — дейт ал.

Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандары бир аймактан экинчисине 45 күндөн ашык убакытка жер которсо, жергилктүү паспорттук столго катталууга милдеттүү. Эгер ички мигранттар каттодон өтпөсө 50 сом суммасын түзгөн айып пулга кесилет.

c8d8e0aa27174316e7b3695307ddf25a

Калкты каттоо департаментинин башчысы Назгуль Абакова аймактык органдар тейленип жаткан калктын так санын билиш үчүн ички мигранттардын катталуусу зарыл дейт.  

«Ысык-Көлдөн келип Бишкектен медициналык тейлөө ала албайбыңар. Бардык мамлекеттик органдар көрсөткөн кызматтар аймактар боюнча бөлүнөт. Ар бир мамлекеттик орган бюджеттик болуп эсептелет, ошондуктан, ал канча адамга тейлөө көрсөтөрүн билиши керек. Ал үчүн калктын так санын билүү зарыл», — деди ал.

Юстиция министрлигинин өкүлү Талант Бекташев Kloop.kgге ички мигранттардын каттоосун ИИМдин алдындагы коомдук тартип бөлүмү жөнгө салышы керектигин билдирди.

Ошол эле учурда Абакова милиция жарандарды негизсиз токтотуп, документин текшерүүгө укугу жок деп айтууда. Ал ички мигранттарга эч бир орган көзөмөл жүргүзбөшүн моюнга алды.

«Жарандар өз милдеттерин аткарышпайт, а биз калктын эсебин жүргүзүшүбүз керек. Айрым учурда мыйзамды сактагандар кайрлышат, ошондо дагы социалдык тейлөө алуу үчүн. Мисалы, билим берүү боюнча», — деди ал

Абакованын билдиришинче, өлкө боюнча 2015-жылы болжол менен 15 миң адам каттоодон өткөн. Ошол эле учурда Бишкектин өзүндө гана Улуттук каттоо комитетинин маалытына ылайык, 30 миңге жакын убактылуу жашаган мигрант бар.

952fd748d563a40644e5280851adfd88

Ички миграция боюнча адис Эмиль Насритдинов ички мигранттарды каттоо системасы коррупциянын айынан иштебейт деп эсептейт.

«Каттоо жана бүтүндөй катто институту — бул Советтер Союзунан калган архаикалык өткөн чак. Мындай эреже көп өлкөлөрдө эчак жоюлган. Адамдар бүгүнкү күндө катталышпайт, убактылуу каттам мыйзамы иштебейт. Келген адамга мамлекеттик мекемелерден тейлөө алуу үчүн каттоодон өткөнчө ооруканадан 100 сом кошумча төлөгөнү оңой», — деди ал.

Эксперт электрондук маалымат базасын түзүүсү керек, ал калктын паспорттук столго кайрылбаса дагы эсебин билип турууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

«Адамдын бир жерге байланбай башка жерлерден дагы каалаган тейлөөсүн алууга шарт түзүүгө, мамлекеттин калктын санына жараша бюджетти бөлүштүрүшү үчүн электондук маалымат базасын түзүү зарыл. Ал база бардык министрликтерди камтышы керек. Мисалы, Билим берүү министрлиги Бишкекте башка аймактан келген канча студент бар экенин биле алат. Ал эми ооруканалар тейлөө алган бейтаптарды катташат», — деп сунуштады ал.

Насритдинов ички миграция жөнүндөгү мыйзам Баш мыйзамга карма-каршы келет деп эсептейт. Анда жарандардын эркин жер которууга жана медициналык тейлөө алууга укугу бар делет.

«Сен өлкө боюнча эркин жер которууга жана медициналык тейлөө алууга укугуң бар. Бирок медтейлөөнү жашаган жериңен гана ала аласың — бул Баш мыйзамга карама-каршы келет», — дейт ал.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдиль Эралиев тескерисинче мыйзам жарандардын эркин жер которуу укугун бузбайт деп эсептейт. Анын айтуусу боюнча, мамлекет ички миграцияны көзөмөлдөй алат, бирок жарандарды көзөмөлдөө механизми иштелип чыккан эмес.

«Мамлекеттик орган беш күндөн бери катталган жеринде эместигин кантип аныктайт? Андан тышкары анын паспортун кантип текшеришет? Анткени жаран документин алып жүрүүгө милдеттүү эмес. Тиги же бул аймакта жайгашкан жарандарды көзөмөлдөөнүн механизмин иштеп чыгуу керек  эле», — деди ал.

Юристтин пикири боюнча, жарандардын жер которуусун жөнгө салуу үчүн мыйзамга толуктоо киргизиш керек. «Бардык оңдоолор жүйөөсүз. Андан көрө, адамдын каяктан каякка келгендигин жөнгө салган көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу оң», — деп жыйнтыктады Эралиев.

Фото иллюстративдүү. Булагы: Time.kg