Рио-2016дагы бешинчи күн: Тоноо, жаракат алуу жана таң каларлык ырым-жырым

Орусиялык сүзүүчүнү тоноо, армян оор атлетчисинин жаркат алуусу жана канадалык сүзүүчүнүн таң калычтуу ырымы. Kloop.kg Олимпиаданын бешинчи күнүндөгү кызыктуу окуяларды чогултту.

Медалдык эсепте Америка Кошмо Штаттары биринчилигин жоготкон жок, экинчилик Кытайдын колунда, ал эми үчүнчү оруга Жапония чыкты.
20160811_181348

Рио-де-Жанейродон орус сүзүүчүсү Евгений Коротышкин тонолду Лондондогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси Евгений Коротышкин аны Рио-де-Жанейродон эки белгисиз адам тоногонун айтты.
a6f1e3d5ba32e2ea5c61b1b362e7c2be__980x

«Бүгүн түштөнүү үчүн Ипанема пляжынын районунда жайгашкан Astor ресторанына баратканда мага куралданган эки белгисиз адам кол салды. Мен жаракат алган жокмун, анткени маселени ынтымакташып чечиштик. Алардын мага кийинки муун үчүн айтып берген кызыктуу окуясы үчүн мен чөнтөгүмдө болгондин баарын чыгардым. Өтө кымбат эмес, бирок сүрдөтүүчү», — деп жазган спортчу өзүнүн инстаграмында.

Мындай окуя Риодо биринчи жолу болгон жок. 5-августта орусиялык күйөрмандардын үйү тонолгон, а 9-августта белгиялык дзюдочуга кол салуу болгон.

Армян оор атлетчиси оор жаракат алды. Армениялык оор атлетчи Андраник Карапетян Риодогу Олимпиадада жаракат алгандардын катарын толуктады. 195 килограммды түртүп көтөрүүдө 20 жаштагы спортчу салмакты багындыра албай, анын сол чыканагы кайрылып кеткен. Ал мелдеш аянтынан дарыгерлердин жардамы менен чыгып кетти.

1908943-40174628-1600-900Карапетян өзүнүн салмак категориясы боюнча олимпиада мелдешинин алдыңкыларынын бири эле.

Өзүнүн ар бир мелдешинде канадалык сүзүүчү атасына ортон колун көргөзөт. Канадалык сүзүүчү өзүнүн кызыктай ырымы менен күйөрмадарын таң калтырды. Сүзүүчүлүк жолунун башталышында Санто Кондорелли булчуңдуу болсо дагы, бирок арык, кичине бойлуу болгон. Ошондуктан аны гном деп аташкан.

Olymp12

«Ал бойлуу атаандашынын алдында сүрдөп турчу. Коркуу сезими анын көрсөткүчтөрүнө чоң таасир тийгизчү», — деди анын атасы Иосиф Кондорелли.

Мындай психологиялык тоскоолдук баласынын мелдешине терс таасир тийгизээрин байкаган атасы, аны нукка келтирүүнүн күтүүсүз чечимин тапкан.

«Мен бир жолу ага залда эч ким жок болгонун элестетип сүзүүсүн сунуштагам. Башкаларды уруп ойнобой, болгон күч-аракетиңди жумша деп. Таасирдүү сөздөрдү колдонуп, анан бири-бирибизге орто сөөмөйүбүздү көрсөттүк. Ошондо ал жеңишке жетишкен. Ошондон кийин биз аны ырым кылып алганбыз. Андан кийин ал байгелерди биринин артынан бирин багындыра баштады», — деп жазат Кондореллиге шилтеме менен Канада олимпиадалык комитети.

Бул жаңсоо басма сөз өкүлдөрүнүн нааразычылыгына алып келди, өзгөчө түз эфир алып баргандардын. Анткени ар бир жолу спортсмендин жасаган жаңсоосу атасына багытталганын жана ал өзүнө оң маанини камтырын түшүндүрүп туруу керектелди.

Автор: Каминат Имирханова