Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 29-августта мээсине кан куюлгандан кийин көз жумду, деп жазат борбордук азиялык «Фергана» басылмасы. Инсульт алгандан кийин өзбек лидери эки күн мурун ооруканага жаткырылган болчу.
Өзбекстандын алмашкыс президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу кабар 30-августка караган түнү келип түшкөн. «Фергана» басылмасынын билдиришинче, өлкө башчысы Ташкент убактысы боюнча саат 15-16ларда көз жумган.
Бул маалыматты расмий түрдө эч ким тастыктай элек, бирок четке да кага элек. Бирок президенттин аппаратындагы булак РИА Новостиге Каримовдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктаган эмес: «Өлүм тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Президен ооруканада. Анын абалы туруктуу».
«Борбордук Азияда адам укугу» ассоциациясынын президенти «Дождь» леканалына Каримовдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктаган. Айтымында, ал Өзбекстандын президентинин өлүмү жөнүндө эки булактан уккан: өлкөнүн медицинылык чөйрөсүнөн жана укук коргоо органдарынан.
«Газета.ру» кабарлагандай, Борбордук Азия боюнча серепчи Аркадий Дубнов «Фергананын» маалыматын тастыктаган – бирок ал да өз булактарына таянып.
Каримовду резиденциясында алган инсультунан кийин 27-августта ооруканага жаткызышкан.
Каримовдун оорусу тууралуу фактты расмий бийлик тастыктаган. Бул Өзбекстан үчүн өзгөчөлүк. Анткени буга чейин өлкө башчысы ооруп калганда ал туурасында маалыматты тастыкташпайт эле..
Тема боюнча: Каримовдун ооруканага жаткырылышы боюнча эмнелер белгилүү?
Аналитиктер Өзбекстандын президенттигине учурдагы 59 жаштагы премьер-министр Шавкат Мирзиёевди болжолдоп жатышат.
Каримов Өзбекстанды өлкө СССРдин бөлүгү болуп турган мезгилинен 27 жылдан бери башкарып келет.
1989-жылы ал Өзбек ССРинин БК КПсынын биринчи секретары болот. 1990-жылы ал президенттикке келип, ошол эле убакта Өзбек ССРинин кабинет министрлигин жетектейт.
Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1991-жылы Каримов президенттикке шайланат. Ал президенттикке үч жолу шайланып, шайлоолордо 90 пайыздан ашык добуштарга ээ болгон.
Каримовдун бийлигинин учурундагы режимди адам укугун бузууга, кыйноолорго, оппозициянын жана эркин ЖМКнын жоктугуна, жарандык коомго үстөмдүк кылууга айыптап келишет.