Түштүк Кореянын президенти түндүк кореялык режимден качкандарга жаңы турмуш баштоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Түштүк кореялык лидер Пак Кын-Хе Түндүк Кореянын жашоочуларын кабыл алууга даярдыгын айтты.
Пак Кын-Хе түндүк кореялык тирукмуш реалдуулугу жөнүндө билээрин айтып, бул өлкөнүн тургундарына дагы «демократия, адам укуктары, социалдык төлөмдөр сыяктуу универсалдуу баалуулуктар» жеткиликтүү болушу керек деген пикирин билдирди.
Кореянын куралдуу күчтөр күнүндө ал: «Биз жолдорду ачык калтырабыз, бул жерден силер үмүт жана жаңы жашоону табасыңар», — деди.
Андан тышкары, Түштүк Кореянын башчысы КЭДРдин лидери Ким Чен Ынга, мындан ары да өзөктүк куралдарына сынак жүргүзүүсүнөн сак болуусун эскертти.
Сеул «ыкчам жана катуу жооп кайтарууга жана провокация канчага айланаарын көрсөтүүгө» даяр экенин айтты.
Түштүк Кореяга коңшу өлкөдөн качкындар тынымсыз келишет. 1953-жылдан бери Түштүк Түндүктүн 30 000 тургунун кабыл алган.
Алардын ичинде акыркылардан Түндүк Кореянын Лондондогу элчилигинин кызматкери да бар.
Эки Кореянын чек арасы аркылуу КЭДРден мезгил-мезгили менен жоокерлер качышат. Алардын бири чек араны 27-сентябрда өткөн, буга чейин мындай көрүнүштөр 2015 жана 2012-жылдары болгон.