АКШда жана Европада беткап кийген адамдар көчөдө кол салышууда

Маскачан белгисиз клоундор дүйнө жүзү боюнча адамдарга кол салууда. Биринчи окуя АКШда жүз берип, кийин «клоуномания» Канада, Австралия жана Европа өлкөлөрүнө өткөн. Хэллоуин жакындаган сайын кол салуулар ырайымсыз абалга өтүп, адамдардын арасында тынчсызданууну жарата баштады.

«Маскарапоздун кол салуусу» акыркы жолу Швецияда катталган. Беткап кийген эркек киши бычак менен 19 жаштагы жигитке кол салган. Жабырлануучу далысынан бир аз жараат алган. Бул Швециядагы «үрөй учурган маскарапоздордун феномени» кылмыштарынын биринчиси эле эмес, бул окуяга чейин эле кара ниеттер адамдарды коркутушуп, бирок денесине зыян келтире элек эле.

Швециянын ИИМинин башчысы Андерс Игеман коркуп калган адамдар дүрбөлөӊ түшүп, пранкерлерге зыян келтириши мүмкүн деп тынчсызданат.

«Тамаша үчүн маскарапоздун беткабын кийген кимдир бирөө чындап эле жабыркап калышын биз каалабайбыз», - деген ал.

 Маскарапоз баланы таяк менен урган
Маскарапоз кичинекей балага таякты ыргытып жибергендиктен анын башын тигүүгө тура келген. Сүрөт: BBC

Англияда октябрь айында эле маскарапоздордун ондогон кол салуулары болду. Бир эле жекшембиде, 9-октябрда Thames Valley округунун полициясы 14 жабырлануучудан чакыруу алды.

Ырайымсыз тамашадан чоңдор эле эмес кичине балдар да жабыркап жатышат. Даремде эркек адам төрт кичине баланы желим кылыч менен мектепке чейин кубалап барган, анын жоругун башталгыч класска бет кеп кийип кирип кеткен 12 жаштагы эки өспүрүм кайталаган.

Кидлингтондо ниети бузук бейсбол битасы менен 10 жаштагы баланы кубалаган, Түштүк Йоркширде болсо маскарапоз өспүрүмгө таяк ыргыткан. Баланын денесин тигүүгө тура келген.

АКШда болсо «маскарапоздордун кол салуусу» жайдын аягында башталып, октябрда саны өскөн. Коркунучтуу тамаша деп эсептелген нерсе, талкалоо, уурулук жана адамдарга кол салуу сыяктуу реалдуу кылмышка өсүп жеткен. Жыйынтыгында коркунучтан улам бир нече мектептер маскарапоздор үчүн эшигин жапкан.

Мунун баары Түштүк Каролинада маскарапоздордун кийимин кийген белгисиз адамдардын балдарды токойго азгыруусу менен башталган. Кийинчерээк Fox News маскарапоз муунтууга аракет кылган Огайодогу аял тууралуу кабарлаган. Кылмышкер «аны азыр өлтүрүүсү керектигин» айткан.

Адамдар маскарапоздордон коргонууга даяр. Жоржиядагы маскарапоздордон чочулаган 11 жаштагы кыз мектепке бычак алып барса, а Пенсильванияда жүздөгөн студенттер «маскарапоздорго жортуулга» чыгышкан.

Англияда маскарапоздор менен күрөшүү үчүн Бэтмен чыккан.

«Сиздер мындан ары тынчсызданбасаңыздар болот, мен бул одонолукту жөнгө салам», - деп каарман өзүнүн видео кайрылуусунда билдирген. Аны маскарапоздун кийимин кийген адамды кубалаган «коргоо жараянында» көрүшкөн. Жергиликтүү балдар каарманга ыраазычылык каттарды жазышууда.

Коннектикутта маскарапоздун образына, террордун символу катары тыюу салынган, ал эми Майаминин полициясы Хэллоуинде маскарапоздун кийимин кийбөөнү катуу суранууда.

Чыныгы маскарапоздор

Мындай тенденция маскарапоздордо терс пикирди жаратууда. Кесипкөй маскарапоздор коркунучтан улам аларга кол салабы деп, жумушка чыгуудан кооптонушат. Он жыл маскарапоз болуп эмгектенген Жордан Жонс фейсбукта «Маскарапоздордун жашоосу маанилүү» деген акцияны баштады.

Клоуны Кристина Лав и Шанталь Купер считают, что детской психике нанесли невосполнимую травму. Фото: Daily Telegraph
Кристина Лав жана Шанталь Купер аттуу маскарапоздор балдардын психикасына орду толгус травма келтирилгендигин билдиришет. Сүрөт: Daily Telegraph

«Мен душман эмесмин, - дейт ал. – Биз токойдогу адамдар эмеспиз».

Жонс «үрөй учурган маскарапоздордун феномени» - жабырлануучулар үчүн эле эмес, өзүнүн кесиби менен алектене алышпай калган кесипкөй маскарапоздор үчүн да ырайымсыз тамаша деп эсептейт.

Маскарапоздор Кристина Лав жана Шантель Купер балдарды коркутуучу пранкерлердин тамашалары кесипкөй маскарапозчулукка бөгөт коюшу мүмкүн деп тынчсызданышат.

«Мунун бардыгы өмүр боюу маскарапоздордон корккон балдардын муунун пайда кылды. Алар түбөлүккө травма алышты», - дейт Кристина.

Калп жабырлануучулар

Британиялык 28 жаштагы Саймон Шинери ага маскарапоз бычак менен кол салып, колун жарадар кылгандыгын Ланкашир полициясына айткан эле. Шинери укук коргоо органдарына «мен эми майып болуп калам» деген. Полиция териштирүү учурунда Саймонго эч ким кол салбагандыгын, ал колун айнекке кесип алгандыгын билишкен. Бул «жабырлануучуга» калп билдирүүсү үчүн айып жазылган.

Саймон Шинери полицияны маскарапоздон коргонуп жатып колун жарадар кылгандына ишендирген. Фото: The Sun
Саймон Шинери полицияны маскарапоздон коргонуп жатып колун жарадар кылгандына ишендирген. Фото: The Sun

АКШда көптөгөн мистикалык иштер териштирилди. Маскарапоздор тарабынан жасалган кылмыштардын «модасы», «кылмыштын жабырлануучуларынын» «модасын» пайда кылды.