Тирүүсүндө Сары-Талаа айылында жашап, баптизм динин карманып келген аялдын үчүнчү жолу көмүлгөн жери тууралуу маалымат анын туугандарынын өтүнүчү менен ачык айтылбай турат. Каныгүл Сатыбалдиеванын өз жерине көмүлүшүнө анын карманган динине байланыштуу айылдаштары каршы чыккандыктан, анын сөөгү буга чейин эки сыйра көмүлгөн.
Жалал-Абад милициясынын кызматкери Мухиддин Толубаев тирүүсүндө баптист-христиан динин карманып келген маркумдун сөөгү Ала-Бука районунда жерге берилгенин Kloop.kgге кабарлады.
«Бул аял үчүнчү жолу көмүлдү, бирок так кайсы жерде көмүлгөнүн анын туугандарынын өтүнүчүнөн улам биз тактай албайбыз», — деди ал.
«Азаттыкка» курган маегинде маркумдун 78 жаштагы абышкасы Акжол Азаев Сатыбалдиева менен 50 жылдай чогуу жашаганын жана байбичеси тууралуу айылдаштарынын пикирине макул эмес экенин айткан.
«Мен айылдаштарымдын бул жоругун эч түшүнө албайм. 49 жыл мени менен чогуу жашаган байбичем башка динге [христианчылыкка] кирип кеткенине ишенбейм. Мен күнөөкөр болсом үстүмдө Кудай бар. Анын болгон эле күнөөсү — Инжилди окуп чыкканы. Динге каршы башка эч кандай иштерди ал жасаган эмес», — деген ал.
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалынынын басма сөз катчысы Марат Кадыкеев Kloop.kgге Кыргызстанда 90-жылдары эле ар башка диндердин өкүлдөрүн бир көрүстөнгө коюуга болбой тургандыгы тууралуу бүтүм чыкканын айтты.
Бүтүмгө ылайык, мусулман көрүстөнүндө башка диндеги адамдар көмүлсө, көзү өткөн мусулмандар кыйналат.
Кадыкеев мурда да көрүстөндүн айынан ушундай чыр-чатактар чыгып келгендиктен ушул бүтүм кабыл алынганын белгиледи.
«Имамдардын баары ушул бүтүмдү аткарышы керек. Бул хадистерде да айтылат. Кылымдар бою ушундай болуп келген. Кишини көмөөрдөн мурда анын кайсы динде болгонун билиш керек. Башка бир жактан жер бөлүп беришсе болмок, бирок чогуу бир көрүстөнгө коюуга болбойт», — деди ал.
«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kgге Кыргызстанда көрүстөндөрдү пайдалануу тартиби жергиликтүү өз алдыынча башкаруу органдары тарабынан жөнгө салынаарын айтты. Анын сөзү боюнча, өлкөдө сөөк коюу маселелерин борбордук деңгээлде жөнгө сала турган мыйзам азырынча жок.
«Сөөк коюу жана сөөк коюу иши тууралуу мыйзам долбоору бар болчу, бирок быйыл февралда президент ага каршылыгын билдирип, парламентке кайтарган. […] Бизде дегеле сөөк коюуну мамлекеттик деңгээлде аныктай турган бирдиктүү мыйзам жок», — деди ал.
Маектешибиз сөз болгон мыйзам долбоорунда көрүстөндөрдү динине жараша бөлүү тууралуу айтылбаганын да кошумчалады.
Сөөктүн көмүлүшүнө динден улам каршы болушкан
Сары-Талаа айылында жашап келген 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын көзү өткөн соң айылдаштары анын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга тыюу салышкан. Буга маркум тирүүсүндө христиан-баптист динин карманганы себеп болгон.
Маркумдун кызы Жылдыз Азаева жергиликтүү бийликке жана депутаттарга кайрылып, эки күн бою энесинин сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө койдурууга аракет кылган.
Имамдар ташбараң менен опузалагандыктан, Азаева жана анын бир тууганы айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан. Бирок алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат берилген эмес, анткени ал мусулмандардыкы болуп эсептелет.
Кийинчерээк маркумдун сөөгү үчүн коңшулаш Өрүктү айылында орун бөлүп беришкен, ал жакта бир жыл мурун баптисттердин өкүлү көмүлгөн эле. Бирок ал айылдын жашоочулары да буга каршы чыгышкан.
Сатыбалдиеванын денеси христиан көрүстөнү бар Сары-Булак айылында жерге берилген, бирок анын көмүлүшүнө бул жолкусунда христиандар каршы чыгышкан.
Соавтор: Анна Капушенко
Сүрөт: «Азаттык»