Кыргызстан коммунисттер партиясынын жаштар канаты Иосиф Сталинге эстелик орноткусу келет. Жакын арада ал эстелик орнотуш үчүн колбелги жана каражат чогулта баштайт.
Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү Ырысбек Тойбек жаштар канатынын демилгесин «Сталинге коюла турган эстелик коррупция менен күрөштүн символу болот» деп түшүндүрдү.
«Иосиф Виссарионович Сталиндин эстелиги биринчи иретте өлкөнүн жана карапайым элдин жыргалчылыгы тууралуу ойлонуш керек экендигин аткаминерлерге катуу эстетип турат», — деди ал.
Компартиянын жаштар канатынын активисти Айбек Курбанбаев Сталин жаштар үчүн да үлгү боло алат деп эсептейт.
«Жаштарга азыр символ, идеал жетишпейт. Түздөнө турган, үлгү ала турган эч ким жок. Сталин баарына көрсөттү, 29 жыл башкарып турган убагында [өлкөнү] феодалдык замандан, кулчулуктан атомдук доорго чейин алып чыкты», — деди ал.
Активисттер Сталиндин шарапаты менен Кыргызстан Советтик Социалисттик Республика болуп өзгөргөн деп эсептешет.
Коммунист Глеб Ким алар демилге тууралуу жарыялашкандан кийин «чагымдар» башталганын айтат.
«Биз Сталинге эстелик коёрубузду билээри менен ошол эле "Фейсбукта" жугунду фонтан болуп атыла баштады. […] Азыр бизге каршы жигердүү үгүттөп жатышат, бирок биз өз мүдөөбүзгө жетебиз, биз жаштар арасында солчул көз караштагы канча адам бар экенин, канча сталинисттер бар экенин билебиз», — деди ал.
Сталин деген ким?
Иосиф Виссарионович Сталин — советтик жетекчи жана саясий ишмер. Ал Советтер Союзун 30 жылга жакын — 1922-жылдан 1953-жылга чейин башкарган.
Сталин айыл чарбасында жамааттык чарбаларга (колхоздорго) басым жасаганы менен белгилүү. Ага чейин ал кулактарды — малы, жери бар, жалданма күч пайдаланган бардар дыйкандар катмарын жок кылган.
Колхоздорду зордук менен көбөйтүү жапырт камакка алууга себеп болуп, чарбаларды бүлгүнгө алып келген. Малын колхозго бергиси келбей, бардар дыйкандар туш келген куугунтуктан корккон кишилер малын этке төгүп, айдоо жерин азайтышкан.
Жамаатташтыруудагы аша чапкан аракеттер үчүн жоопкерчилик жергиликтүү жетекчилерге жүктөлгөн. Айрым жетекчилерди жоопко тартуу жамаатташтыруунун ыргагын басаңдаткан.
Жамаатташтыруу ачкачылык менен коштолгон — айдоо аянттарынын көбөйгөнүнө карабастан, эгин жыйноо начарлап, эт жана сүт өндүрүү азайган. Ачкачылыктын айынан ар кандай маалымат боюнча 4 миллиондон 8 миллионго чейин киши кырылган.
Сталин башкарып турган учурда калк саясий негиздер менен жапырт куугунтукка да кабылган. Контрреволюция боюнча айып коюлуп 3,8 миллион киши куугунтукталган — алардын ичинен 700 миңден ашуун киши атууга кеткен.
Кыргызстанда сталиндик куугунтук маалында 137 киши атууга кеткен, алардын арасында окумуштуу Касым Тыныстанов, мамлекеттик ишмерлер Төрөкул Айтматов жана Жусуп Абдрахманов бар.
Авторлошу: Бексултан Амантур уулу
Видео: Эдил Байызбеков